Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматчылары Япониянын мамлекеттик кызматка талапкерлерди тандоо жана тандоо системасын үйрөнүштү
 
2023- жылдын 6- мартынан 17-мартка чейин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин жана санариптештирүү министрлигинин кызматкерлери «Кыргыз Республикасында мамлекеттик кызматка кабыл алуу жана тандоо системасын өркүндөтүү» курсу боюнча окуудан өтүштү. Окуу Япониянын Токио шаарындагы JICA борборунда өткөрүлдү.
Бул окутууну өткөрүүнүн максаты мамлекеттик кызматты калыптандыруунун Япон тажрыйбасынын негизинде Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматына конкурстук тандоо системасын киргизүү жана өркүндөтүү болуп саналат.
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматкерлери лекциялардын жана практикалык сабактардын курсун, анын ичинде Япониянын мамлекеттик кызмат иштери боюнча Улуттук палатасына (ИУА), ошондой эле Токио шаарынын өзгөчө райондорунун кадрлар боюнча комиссиясынын катчылыгына барып окушту.
Лекцияларды жана практикалык сабактарды Япониянын мамлекеттик кызмат иштери боюнча Улуттук палатасынын жана Япониянын мамлекеттик кызматтын адам ресурстарын өнүктүрүү ассоциациясынын алдыңкы профессорлору жана мамлекеттик кызматкерлери өткөрүштү.
Курсту аяктагандан кийин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматкерлеринен турган 3 жумушчу топ Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматына конкурстук тандоонун, тестирлөө жана аңгемелешүүнүн жаңы системасы боюнча отчетун жана өз сунуштарын беришти.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.