Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан регионалдык жана муниципалдык резервдерге кабыл алуу иштери жүргүзүлөт:
Регионалдык резервге документтер жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчысы (аким) жана анын орун басарлыгы кызмат орундарына кабыл алынат.
Муниципалдык резервге документтер республикалык, облустук, райондук маанидеги шаарлардын мэри жана орун басарлыгы (вице-мэр) кызмат ордуна жана айыл өкмөт башчысы кызмат ордуна кабыл алынат.
Кыргыз Республикасынын Президенти жергиликтүү мамлекеттик администрация башчысын (аким) регионалдык резервден, ал эми республикалык жана облустук маанидеги шаар мэрлерин муниципалдык резервден дайындайт.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы жергиликтүү мамлекеттик администрация башчысынын (аким), орун басарларын регионалдык резервден дайындайт.
Райондук маанидеги шаар мэрлерин жергиликтүү мамлекеттик администрация башчысы (аким) муниципалдык резервден дайындайт.
Республикалык, облустук, райондук маанидеги шаар мэрлеринин орун басарларын (вице-мэр) муниципалдык резервден мэр өзү дайындайт.
Айыл өкмөт башчыларын жергиликтүү мамлекеттик администрация башчылары (аким) муниципалдык резервден дайындайт.
Бардык резервдерге конкурс үч этап менен жүргүзүлөт:
1. Документтерди кабыл алуу (квалификациялык талаптарга туура келиш керек).
2. Компьютердик тест (КР мыйзамдарынан түзүлөт).
3. Аңгемелешүү (атайын түзүлгөн комиссия өткөрөт).
Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын резервдерин ар бир мекеме өз алдынча жүргүзөт.
Резервге башкы, улук, кенже топтогу административдик кызмат орундарынын топтому түзүлөт.
Компьютердик тестирлөөдө адам факторлорунун кийлигишүүсүнө жол берилбейт.
Источник – Государственное агентство по делам государственной службы и местного самоуправления при Кабинете Министров Кыргызской Республики
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: