Бишкек, Ынтымак Ордо, 10-июль – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Министрлер Кабинетинин кезектеги жыйынын өткөрдү.

Жыйындын жүрүшүндө социалдык-экономикалык өнүгүүгө байланыштуу актуалдуу маселелер каралды.

Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү Кыргыз Республикасында мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн 2026–2028-жылдарга карата программасын кабыл алуу жөнүндөгү, ошондой эле мамлекеттик менчиктеги жер участокторун пайдалануу үчүн ижара акысынын өлчөмүн аныктоо методологиясын бекитүү жөнүндөгү токтомдорду жактырышты.

Маалымат булагы gov.kg

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.