Кыргызстанга Россия Федерациясынан 1 147 тоннага жакын көлөмдөгү кезектеги гуманитардык азык-түлүк жардамы жеткирилди. Ал БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы (ВПП ООН) аркылуу акысыз негизде берилди жана өлкө боюнча аялуу үй-бүлөлөргө таратылат.
Байытылган буудай унү жана өсүмдүк майы ВПП ООН долбоорлоруна катышкан болжол менен 4 600 аз камсыз болгон үй-бүлөгө багытталат. Алар муну менен ирригациялык түйүндөрдү, ичүүчү суу тутумдарын калыбына келтирүүгө, дарак отургузууга, дарыя жээктерин бекемдөөгө көмөктөшөт, ошондой эле заманбап айыл чарба ыкмалары жана өз алдынча иш менен камсыз болуу боюнча окутуулардан өтүшөт.
Максаттуу үй-бүлөлөргө 300 кг ун жана 30 литр май берилет, ал эми тренингге катышкандар 150 кг ун жана 15 литр май алышат.
Долбоорлор азык-түлүк менен гана колдоону көздөбөстөн, коомчулуктун климаттык коркунучтарга туруктуулугун жогорулатууга жана жаңы эмгек мүмкүнчүлүктөрүн түзүүгө багытталган.
Иш-чарага Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Социалдык коргоо департаментинин директору Дина Анарбаева, Россия Федерациясынын Кыргызстандагы элчисинин кеңешчиси Прокопенко Иван Дмитриевич жана ДАППнын Кыргызстандагы өлкө директору Кожиро Накай катышты.
Россия Федерациясы Кыргызстандагы ВПП ООНдун эң ири донору болуп саналат. Акыркы 15 жыл ичинде РФ жана ВПП ООН өлкөгө көп тармактуу колдоо көрсөтүп келүүдө — өзгөчө кырдаалдагы жардамдан тартып, социалдык коргоо системаларын өнүктүрүүгө, анын ичинде улуттук мектеп тамактандыруу программасын колдоого чейин.


Источник – Министерство труда, социального обеспечения и миграции Кыргызской Республики
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: