Кыргызстанда «Айыл чарбасын каржылоо -7» долбоорун ишке ашыруу башталды. Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Долбоор ишкердик  субъекттерине жана жеке жактарга 2019-жылдын жазгы талаа жумуштарын өз убагында жүргүзүүгө жана мал чарбачылыгын, өсүмдүк өстүрүүнү жана айыл чарба продукциясын иштетүүнү андан ары өнүктүрүү үчүн мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында ишке ашырылат.

«Айыл чарбасын каржылоо -7» долбоорун ишке ашыруу мөөнөтү – 60 айга чейин, ал 2019-жылдын февралында иштеп баштайт.

Сүт, эт, жүн, бал, балык,жашыл (сарымсак, пияз, томат), картошка, жемиш (уруктуу, данектүү), мөмө (малина, кулпунай, карагат), техникалык өсүмдүктөр (пахта, тамеки), төө буурчак сыяктуу артыкчылыктуу багыттарды кредиттөө үчүн жана «Айыл чарба продукциясын кайра иштетүү» тармагы үчүн акыркы пайыздык үстөк жылына 6%  белгиленген.

Ошондой эле белгиленген тартипте асыл тукус заводу, асыл тукум чарбасы жана үрөн чарбасы макамдары берилген чарбалар жана кант кызылчасын өстүрүү менен алектенген субъектилер кредиттөөдө артыкчылыктуу багыттар болуп саналат.

Жылына 8% акыркы пайыздык үстөк төмөнкүлөр үчүн белгиленген:

  • бак өстүрүүчүлүк жана ургаалдуу токойчулук менен алектенген субъекттер үчүн;
  • күнөскана чарбасы менен алектенген жана тамчылатып сугаруу тутумун киргизүү боюнча субъекттер үчүн;
  • асыл тукум жана мал же жасалма жол менен уруктандыруу жабдууларды сатып алуучу субъекттер үчүн*.

Жылына 10% акыркы пайыздык үстөк «Мал чарбачылыгы» жана «Өсүмдүк өстүрүү» тармактары үчүн белгиленген.

Насыянын мөөнөтү 36 айдан ашык эмес. Ушуну менен катар эле бак өстүрүүчүлүккө, ургаалдуу токойчулукка, үрөн өстүрүү жана асыл тукум чарбаларына, жаңы түзүлүп жаткан тамак-аш кайра иштетүү ишканаларына, күнөскана чарбасын жүргүзүүгө, тамчылап сугаруу системасын киргизүүгө берилүүчү кредиттер үчүн төлөө мөөнөтүн 60 айга чейин белгилөөгө уруксат берилет.

Айыл өкмөтүнүн жазуу жүзүндөгү сунушу болсо жеке кредиттер боюнча 150 (жүз элүү) миң сомго чейинки өлчөмдөгү жана топтук кредиттер боюнча 500 (беш жүз) миң сомго чейинки өлчөмдөгү кредиттик каражаттар 18 айга чейинки төлөө мөөнөтү менен күрөөсүз негизде берилиши мүмкүн. Мында, бул максаттар үчүн багытталган жалпы сумма берилүүчү кредиттин жалпы суммасынын 7 пайызынан ашпоосу керек.

Карыздардын негизги суммасы боюнча төгүм төлөөдөн 6 айга чейин толук бошотуу түрүндө жеңилдетилген мезгилди белгилөөгө уруксат берилет.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.