Урматтуу, Кыргызстандыктар, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү!
Сиздерди, Кыргыз Республикасынын укуктук тиреги болгон Конституция күнү менен куттуктайм!
Манас баянында айтылган «бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгаруу» түшүнүгү жалпы элдин укуктук келишимге келип референдум аркылуу конституция кабыл алуусу десе болот.
Эгемендигибизди аныктаган конституцияга ээ болгонубузга отуз жыл толду.
Башкы укуктук келишими бар конституциялуу мамлекетибиздин түбөлүгү түз болсун.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору -Карыпбеков Улан Кадырсултанович.
Источник – Государственное агентство по делам государственной службы и местного самоуправления при Кабинете Министров Кыргызской Республики
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: