2026-жылдын 2-июлунда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Индонезия Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Анис Маттаны кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-индонезиялык кызматташтыктын актуалдуу маселелерин, анын ичинде саясий диалогду мындан ары чыңдоо, эң жогорку жана жогорку деңгээлдердеги өз ара сапарларды уюштуруу, келишимдик-укуктук базаны кеңейтүү, ошондой эле эл аралык аянтчалардагы координация маселелерин талкуулашты.

Министр Жээнбек Кулубаев Кыргызстан Индонезияны достук өнөктөш жана Азия-Тынч океан регионундагы негизги мамлекеттердин бири катары карай турганын билдирип, соода-экономикалык, инвестициялык, туристтик, маданий-гуманитардык тармактардагы, ошондой эле халал-индустриясы жаатындагы долбоорлорду илгерилетүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Индонезия Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Анис Матта индонезиялык тарап Кыргыз Республикасы менен мазмундуу диалогду улантууга, анын ичинде экономикалык алкаларды өнүктүрүүгө, ишкер чөйрөлөр ортосундагы байланыштарды кеңейтүүгө жана маданий-гуманитардык өз ара аракеттенүүнү чыңдоого даяр экенин тастыктады.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар достук мамилелерди мындан ары чыңдоого жана эки тараптуу кызматташтыкка кыйла активдүү жана системалуу мүнөз берүүгө өз ара кызыкдар экенин билдиришти.

Маалымат булагы mfa.gov.kg

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.