2026-жылдын 30-июнунда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Асеин Исаевдин өз миссиясын жыйынтыктап жаткан Эл аралык Кызыл Крест комитетинин (ЭККК) Кыргыз Республикасындагы башчысы Франсуа Бланси менен жолугушуусу болуп өттү. Жолугушуунун алкагында ЭКККнын Кыргызстандагы Миссиясынын жаңы дайындалган башчысы Асел Ази Тегин тааныштырылды.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен ЭКККнын ортосундагы кызматташуунун учурдагы абалын жана келечектеги багыттарын талкуулашты. Кыргыз тарап Франсуа Блансиге өз ара кызматташтыкты өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирип, анын мындан аркы ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалады. Ошондой эле А.Исаев Асел Ази Тегинди ЭКККнын Кыргызстандагы Миссиясынын башчысы кызматына дайындалышы менен куттуктап, мындан ары да конструктивдүү кызматташууга даяр экендигин билдирди.
ЭКККнын куралдуу жаңжалдардын жана өзгөчө кырдаалдардын кесепетинен жабыркаган адамдарга жардам көрсөтүүгө жана адам өмүрүн коргоого багытталган гуманитардык миссиясы белгиленди. Ошондой эле эл аралык гуманитардык укук, калкты коргоо, өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү, репатриацияланган жарандарды колдоо жана Кыргыз Республикасынын Кызыл Жарым Ай Улуттук коомунун потенциалын чыңдоо багыттарындагы кызматташтыктын жогорку деңгээли баса белгиленди.
Эл аралык гуманитардык укукту имплементациялоо, Эл аралык гуманитардык укук боюнча ведомстволор аралык комиссиянын ишмердүүлүгү, Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин алдында Улуттук маалымдама бюросун түзүү, ошондой эле мамлекеттик органдардын потенциалын өнүктүрүүдө ЭКККнын колдоосу маселелери талкууланды.
Өзөктүк куралсыздануу жана жайылтпоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулуп, Кыргызстандын эл аралык демилгелерин колдоо жана 2026-жылдын март айында Бишкек шаарында өткөн «Тынчтык жана коопсуздук үчүн билим берүү» аттуу аймактык конференция белгиленди.
Жолугушуунун жыйынтыгында өз ара кызыкчылык жараткан маселелер боюнча кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө эки тараптын тең кызыкдар экендиги ырасталды.
Маалымат булагы mfa.gov.kg
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: