Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети мунай жана мунай продуктуларын ташып келүү жана ташып чыгууну жөнгө салуучу айрым чечимдерге өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө токтом кабыл алды.
Токтом ички мунай жана мунай продуктулар рыногунун туруктуу иштешин камсыз кылуу, Кыргыз Республикасынын энергетикалык коопсуздугун коргоо, мунай заттарынын жетишсиздигине жол бербөө жана өлкөнүн ички муктаждыктарын үзгүлтүксүз камсыздоо максатында кабыл алынды.
Токтом менен 2027-жылдын 1-апрелине чейин Кыргыз Республикасынын аймагына автотранспорт менен айрым түрдөгү мунай жана мунай продуктуларын ташып кирүүгө убактылуу тыюу салуунун күчүн токтото туруу каралган.
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынан мунай жана мунай заттарын ташып чыгууну жөнгө салуучу токтомго өзгөртүүлөр киргизилди. Ички рынок толук камсыз болгонго же ЕАЭБтин мунай жана мунай продуктулары боюнча жалпы рыноктору түзүлгөнгө чейин автотранспорт жана темир жол транспорту менен мунай жана мунай продуктуларын ташып чыгууга убактылуу тыюу салынды.
Мында тыюу, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча, бажы аймагынан тышкары кайра иштетүү бажы жол-жобосу боюнча, андан кийин кайра иштетилген продукцияны кайра алып келүү милдеттенмеси менен ташып чыгарылуучу нафтага, мазутка жана меш отунуна, ошондой эле “Автотранспорт каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө” (ТР ТС 018/2011) Бажы союзунун техникалык регламентинин талаптарына ылайык транспорт каражаттарынын штаттык күйүүчү май бактарында турган мунай заттарына жайылтылбайт.
Маалымат булагы gov.kg
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: