Бишкек, Ынтымак Ордо, 13-июль – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев өлкөнүн ички рыногун мунай заттары менен камсыздоо маселелери боюнча жумушчу жыйын өткөрдү.

Жыйында күйүүчү-майлоочу май рыногундагы учурдагы абал, мунай заттарын жеткирүү жана зарыл болгон запастарды түзүү маселелери каралды.

Жыйындын жыйынтыгы боюнча тиешелүү мамлекеттик органдарга жана уюмдарга өлкөгө мунай заттарын үзгүлтүксүз жеткирүүнү камсыздоо, абалдын мониторингин күчөтүү жана зарыл чараларды өз убагында көрүү боюнча бир катар тапшырмалар берилди.

Маалымат булагы gov.kg

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.