Ысык-Көлдө мыйзамсыз балык уулагандарга Бузуулар Кодексинин 195-беренеси боюнча мыйзам күчүнө кирди. Бул тууралуу Мамэкотехинспекциянын Жети-Ѳгүз, Ак-Суу, Түп райондору жана Каракол шаары боюнча башкармалыктын жетекчиси Талант Борочонов билдирди.

Анын айтымында, мурда браконьерлер доо менен административдик айыпты төлөп келсе, эми жаӊы кодекстер боюнча үч чара колдонулат.

«Мамлекеттик жаратылышка кол салгандага Бузуулар кодекси күчүнө кирди. Анын алкагында мыйзамыз балык кармагандар келтирилген доого, административдик айыпка жыгылса, андан сырткары кайык сыяктуу шаймандар соттун чечими менен мамлекеттин мүлкүнө өтөт. Азыркы тапта мыйзамсыз иштерди, сууга чөгүү кырсыгынын алдын алып, калкка түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө», -деди Борочонов.

Маалымдай кетсек, Ысык-Көлдө маринка, карп сазаны, сига-лудогу,судак, форель, чебак, чебачек сыяктуу балыктар бар.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.