Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун чакыруусу менен үстүбүздөгү жылдын 6–9-июль күндөрү Пакистан Ислам Республикасынын Президенти Асиф Али Зардари Кыргыз Республикасына расмий сапар менен келет.
Сапардын алкагында Чолпон-Ата шаарында жогорку деңгээлдеги кеңейтилген курамдагы сүйлөшүүлөр өтөт. Анда эки тараптуу кызматташтыктын негизги маселелери, ошондой эле БУУ, ШКУ, ИКУ жана ЭКУ сыяктуу эл аралык уюмдардын алкагындагы өз ара кызматташтык каралат.
Белгилей кетсек, Пакистан Президентинин расмий сапары эки өлкөнүн өнөктөштүгүн жана достук мамилелерин өнүктүрүүдөгү маанилүү окуя болот.
Маалымат булагы president.kg
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: