Кыргызстанда убакыт сайын ар кандай топтор же активисттер пайда болуп, алар бийликтен коррупцияга каршы күрөшүү боюнча конкреттүү чараларды көрүүнү талап кылышат. Бир мисал, “Чоң казат” кыймылынын өкүлдөрү КР экс-премьер-министри жана ЖК депутаты Кубанычбек Жумалиевдин мүлкүн тартып алуу талаптарын койгон. Биздин редакция айрым окумуштууларынын жана мамлекеттик ишмерлеринин ой-пикирлерин билип маек курган.

Белгилүү окумуштуу, коомдук-саясий ишмер Алтай Бөрүбаев:

– Кубанычбек Жумалиевдин тегерегиндеги кырдаал боюнча кандай пикирдесиз?

– Азырынча бул жагдай тууралуу мындай же тигиндей деп так айтуу кыйын, себеби, учурда бул боюнча сотко чейинки териштирүү иштери жүрүп атат. Андыктан бул ишти убакыт өзү таразалап, чын төгүнүн көрсөтөтко деп гана айта алам. Менимче, азырынча чындык тиги же бу тарапта деп айтуунун кажети жок. Мен болгону баардыгы мыйзам талаасында, адилеттүүлүк менен чечилишин каалайм. Кубанычбек Жумалиевди адал эмгеги менен өз абийирин таза сактап келген чоң окумуштуу, чыгаан ишкер катары тааныйм, мындан улам айтчу сөзүм: ак ийилет, бирок сынбайт!

– Жумалиев туурасында жекече пикириңиз кандай?

– Мен Кубанычбек Жумалиевди 90-чу жылдардын башынан баштап эле билем, анда ал докторлук диссертациясын жактап жүргөн кези болчу. Ошондо бул инсанды алгач таланттуу жаш окумуштуу катары тааныгам. Андан кийин Кубанычбек Мырзабекович саясатка аралашып, ал жактан бир топ жоопкерчиликтүү, ири мамлекеттик кызматтарга дайындалып, болгон билимин, күчүн алдыда өлкө алдыда турган чоң милдеттерди аткарууга жумшап келди. Буга калайык калк өзү күбө жана баасын бере турган да Кыргызстандын эли.  Жумалиев окумуштуу, техникалык илимдердин доктору, профессор катары илим адамдарынын көйгөйлөрүн жакшы түшүнүп, жан тартып, кайсы гана мамлекеттик кызматта иштеп турбасын, окумуштуу катары өзү калыптанган Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер Академиясына материалдык-техникалык базасын бышыктоодон тартып, эл аралык конференцияларды өткөрүүгө чейинки колунан келген колдоосу менен жардамдарын көрсөтүп келди.

Бөрүбаев Алтай Асылканович – коомдук-саясий ишмер, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл өкүлдөр жыйынынын Төрагасы, физика-математика илиминин доктору, профессор. КРнын УИАнын академиги, Кыргыз Республикасынын илимге эмгек сиңирген ишмери, Илим жана техника боюнча Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты. 100дөн ашык илимий эмгектердин, 3 монография, 4 окуу китебинин автору. Учурда КР УИАнын математика институтунун директору.

 Химия илимдеринин доктору, профессор, КРнын илимге эмгек сиңирген ишмери Шарипа Жоробекова:

Азыркы Кубанычбек Жумалиевге байланышкан кырдаал мен үчүн түшүнүксүз болуп турат, себеби биз абдан адамгерчиликтүү, эмгекчил, ак ниет адам катары таанып, билип келген бул инсандын айланасында болуп жаткан окуялар, айыптоолор өтө көп чоң суроолорду жаратат. Эгер бул иштер калыстык менен карала турган болсо, анда сот иштери Жумалиевдин пайдасына, оң жагынан чечилет деген үмүттөбүз.

Кубанычбек Мырзабекович канча деген адамдарды жумуш менен камсыз кылып, абийирдүүлүк менен эмгектенип жүргөнү үчүн ушул убакытка чейин эли менен өз өлкөсүндө жүрөт. Мисалы, жалпы журтка маалым болгондой, 2005-жылдагы белгилүү окуядан соң көптөгөн мамлекеттик кызматкерлер жана чоң бизнесмендер чет өлкөлөргө качып кетишкен. Ал эми К. Жумалиев эч жакка качпай, саясаттан убактылуу чектетилсе да, өз өлкөсүнүн социалдык-экономикалык багытына жеке ишкер катары салым кошууну уланткан.

2005-жылдан кийин ал баш оту менен ишкерчиликке киришкен. Биздин өлкөдө бир нерселерди алып, кайра сата коюп, жок жерден пайда көргөн ишкерлер өтө көп. Алардан айырмаланып Кубанычбек Мырзабекович илим адамы катары илим аркылуу айыл-чарбаны өнүктүрүүдө аракеттерди жасачу,  жаңы технологияларды алып келип, кадрларды окутуп, даярдап чыгаруу аракетинде болду. Мисалга алсак, биздин академик К. Жумалиев Түштүк Кореядагы кесиптештери менен бирге көмүрдүн таза түрүн иштеп чыккан жана көмүрдүн калдыктарын кайра иштетүү, комплекстүү пайдалануу боюнча брикет фабрикаларды ачкан.

– Жумалиев туурасында жекече пикириңиз кандай?

– Кубанычбек Жумалиевдин окумуштуу катары эле эмес, эл ичиндеги кадырлуу коомдук ишмер, белгилүү саясатчы катары да салмактуу аброю бар. Өзү күнүмдүк турмушта абдан маданияттуу, интеллигент киши. Бирок мен анын эмгекчил, көрөгөч инсан катары саламаттыкты сактоо, билим берүү жана маданият тармактарына кошкон салымы абдан чоң экенин баса белгилеп айтат элем. Мисалы, бул киши бизнес жүргүзүүнү гана ойлобостон, билим берүү тармагына жана илим жаатына зор салым кошуп, эң сонун демилге, сунуштарды көтөрүп чыгып, бул багыттарды өнүктүрүүгө активдүү катышып келди. Кыскача айтканда, келечек ээлеринин, жаштардын татыктуу билим алуулары үчүн мыкты шарттарды түзүп берүүдө көптөгөн алгылыктуу, олуттуу иштерди жасады, бир нече окуу жайлардын ачылышына колкабыш кылып, заманбап ыңгайлуу окуу жайларын түзүүчүлөрдүн бири болгон. Ишкердикте, саясатта тажрыйбасы мол мындай сабаттуу адам илим жана билим чөйрөсү үчүн эле эмес, жалпы журт үчүн абдан керек.

Жоробекова Шарипа ЖоробековнаХимия илимдеринин доктору, профессор, КР УИАнын академиги, КРдин илимге эмгек сиңирген ишмери, КР УИАнын Химия жана химиялык технология институтунун директору, КР УИАнын вице-президенти. 250дөн ашык илимий эмгектери, анын ичинде 12 монографиясы, 20 патенти, 5 окуу китеби бар. «Даңк» медалы, «Ардак Белгиси» ордени, Ленин комсомолу, Баласагын атындагы жана «Руханият» Ассоциациясынын сыйлыктарынын лауреаты.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.