Россиядан келген делегация менен ар тараптуу кызматташуу маселелери талкууланды

2025-жылдын 2-мартында Кыргызстанга Россия Федерациясынын Свердлов облусунун губернаторунун орун басары В. Козлов жетектеген расмий делегация келди. Делегациянын курамында Агроөнөр жай комплекси жана керектөө рыногы министри, ошондой эле Свердлов облусунун рыногун азык-түлүк менен камсыздоодо кыргызстандык өнөктөштөр менен кызматташууга кызыкдар болгон аймактык компаниялардын жана ишканалардын өкүлдөрү бар.

 Свердлов облусунун делегациясы төмөнкүдөй компанияларга барышты. 

–  «ПродИмпекс» ЖЧК 

–  «Эко Фармер» ЖЧК

 – «Бай Элим» ЖЧК 

Аталган ишканаларга болгон иш сапардын жүрүшүндө Екатеринбургдун соода түйүндөрүн азык-түлүк менен камсыздоо боюнча узак мөөнөттүү өнөктөштүк маселелери талкууланды. Конкреттүү келишимдерди түзүү максатында Россия Федерациясынын соода түйүндөрүнүн өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү. Россия тараптын “Доктор Аппетит” СҮ ( “Верный”соода түйүнү), “Продовольственная компания” ЖЧКсы, “ТК Меридиан” ЖЧКсы, “Флагман” жана ТПК “Бест” ЖЧКлары сыяктуу соода түйүндөрү жаңы жана кайра иштетилген жашылча – мөмөлөрдү, жаңгактарды жана буурчактарды сатып алууга кызыкдар экендиги белгилүү болду.

Source – https://agro.gov.kg

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.