Бишкекте, 27-июнда Кыргызстандын Тоо-кен тармагы үчүн товарлар жана кызматтарын көрсөткөн ишканалардын форуму өттү. Уюштуруучу Эл аралык ишкерлер кеңеши болуп чыкты.

«Биздин кеңешке товарлар менен кызмат көрсөтүү ишканалардын өкүлдорү көп кайрылышат. Биз буларды бир жерге тоо кен тармагында иштеген ишканалар үчүн чогулталы деген ой келди. Келечекте башка тармактын ишканалары үчүн да уюштурганга мүмкүн болот. Бири бири менен таанышып, долбоорлорду чогуу ишке ашырганга макулдашуу үчүн жардам берүү максаты менен уюштурдук. Ири ишканаларды катышууга макулдашып, алардын камсыздоо бөлүмүнүн адистери сатып алуу процедураларын айтып берүүгө чакырдык. Кызмат алып келүү ишканалар билдирмедерин туура бергенге үйрөнүп, жаңы кызматташтар менен танышып алат», – деп Эл аралык ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору Аскар Сыдыков айтып берди.

Форум “Кумтөр Голд Компани”, “КАЗ Минералз Бозымчак”, “Алтынкен” жана дагы 29 ишкананын өкүлдөрү үчүн конструктивдүү маек түзүүгө шарт түзүп берди. Тоо кен ишканалары аларга сатып алуу процедураларын жана башка суроолорго жооп беришти. Кызмат көрсотүү ишканалар потенциалдуу кызматашуу ишканаларга оздөрүн тартуулады.

Түз товарлар менен кызмат корсотүү ишканалардан (геочалгындоо, бургулоо, жардыруу иштери) сырткары, башка тармактын өкүлдөрү да катышууда: азык-түлүк, күйүүчү майлар, курулуш жабдуулар, атайын кийим, камсыздандыруу, консалтинг, сырьену кайра иштетүү жайлар, жүк ташуу жана банктык кызматтар.

«Кызматташуу маалыматтын жетишпестигинен уюшулбай калат. Маселен, мамлекетте тоо кен тармагынын таштандыларын кайра иштетип атайын материалдар чыгарылат экенин көпчулүгү билбейт. Тоо кен ишканалар мамлекеттик кызмат берүүчү ишканалар боюнча кенен маалыматты алуу зарыл. Алар бул ишканалар менен көбүрөөк иштегенге даяр», – деп Кеңештин өкүлдөрү белгиледи.

Ак ниеттүү өнөктөштөрдүн тизмесин кеңейтүүгө даярдагынын “Кумтөр Голд Компанинин” президенти Дэниел Дежарде билдирди. Анын айтымында, Кыргызстанда 1993-жылдан баштап иштеген, экспорттун 20%ын, ИПДнын 10% чапчыган ишкана 600 кызмат берүүчү ишкана менен кызматташат.

«2018-жылы Кумтөрдүн өнөктөштөрү $81 млн товарларды жана кызматтарды көрсөттү. Силердин бааларыңар дүйнөнүн ар бир жеринде атаандаштыкка даяр болушу керек. Ири ишканарга кызмат көрсөтүүнү ар дайым даяр болуу туура. Эгерде силер ошого жетсенер, Кумтөргө окшогон ири компаниялар силер менен иштегенге даяр болот», – деди Дежарден.

Дэниел Дежарден белгилегендей, потенциалдуу өнөктөштөр “КГКнин” талаптарына даяр болуп, өзүнүн милдетин ак ниеттүү аткаруу зарыл.

«Жеңиш – бирдикте. Биз кызмат аткаруу ишканалар менен ийгиликке жетип, туура натыйжада иштөөгө даярбыз. Биз менен кызматташууга даяр ишканалардын тизмесин кеңейтүүгө даярбыз: анткени, натыйжада Кыргызстанда жаңы жумуш орундар түзүлүп, адистер заманбап технологияларды колдонуп тажрыйбасын жогоралагнга мүмкүн болот», – деп Дежарден белгиледи.

Позитивдүү маселең кылып, “КГКнын” президенти Кыргызстанда жазалган атайын шарларды алып келди. Алар алтын өндүрүү фабрикада аябай керектүү болуп саналат. Акыркы жылдары жергиликтүү ишкерлер бул шарларды Казакстан Республикасына алып барышат.

«Материалдардын 100%ын утилизацияласак болот – бул темир, дөңгөлөктөр, иштетилген майлар. 5 жыл мурун биз жабдууларды Европа менен Түндүк Американын өлкөлөрүнө жеткирип оңдотүп келгенбиз, азыр аларды Кыргызстандын адистери оңдойт», – деди Дежарден.

“Кумтөрдүн” президентинин айтымында, ишкана толук күчү менен 2023-жылга чейин иштейт. Туура иш чаралар каралбаса өндүрүүнүн көлөмү төмөндөй байштайт. Акыркы айлары ишкана Ысык-Көл облусунда чалгындоо иштерин күчөттү.

«Биз бул иштерди 2018-жылы кайра баштадык. Геочалгындоого эки ишкана чакырылган, бирөөсү Ысык-Көлдө жайгашкан. Бүгүн бургулоо иштерине 250 адис чакырылган, долбоордун бюджети $24 млн түзөт», – деди «Кумтөр Голд Компанинин» президенти.

Тоо кен ишканалары мене ийгиликтүү кызматташуусу боюнча «Ихсан Эко Групп» ЖЧКын жетекчиси Назим Жусупов бир токтолду. Анын ишканасы чоң унаалардын дөңгөлөктөрүн кайра иштетип чыгат. Бул форумда ишкана кызматташууга башка ишканаларды чакырып алап менен ийгиликтүү иштеп кетет деп үмүттөнүүдө.

«Бир дөңгөлөктүн салмагы 3 тоннага чейин болот. Аларды жерге көмүп же өрттөгөн болбойт, анткени, экологияга зыян келтирет. 2018-жылы Биз “Кумтөр Голд Компани” келишим түздүк. Контракта кол коюунун астында, “Кумтөрдүн” адистери биздин цехтерди көрүп, биз коблган стандарттардын алкагында иш алып барганыбызды тастыктады. Бул ишкана өзүнүн жалдануучу мекемелери менен иштөө механизми таң калтырды. Алар дөңгөлөктөр жүктөлгөндө да туура бекилгенин карашат экен», – деди Назим.

Анын айтымында, “Кумтөрдүн” дөңгөлөктөрү конвейерде майдаланат. Анан күкүмкө айландырылат. Чоңүраактары футбол талааларына кетет, жана асфальтты даярдоого жумшалат. Майдалары брусчатка менен жердеги плиткаларды даярдоодо колдонулат. Калдыктардын арасында спортзалдардагы мат менен кол каптарды даярдоого жумшалат. Металлды болсо ишкана Фрунзе заводуна сатат.

Эскертсек, форум окшогон иш чаралар ар тараптуу маектерди куруп, жергиликтүү ишканаларга өнөктөшүүгө мүмкүн берет.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.