2023-жылдын 25-июлунда министр Аяз Баетовдун төрагалыгы астында Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жетекчилиги жана БУУнун тутумунун Туруктуу координатору Антье Грейв башында турган БУУнун бир катар программаларынын өкүлдөрү Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын жаза өтөө мекемелерине барышты.

Бишкек шаарындагы СИЗО 1ге болгон иш сапарынын алкагында делегация көзөмөл-өткөрүү пункту, видеоконференция жана мониторлорду колдонуу менен дистанциялык түрдө өтүүчү соттук отурумдарды өткөрүү үчүн атайын бөлмөнүн иши менен таанышып, жыйындар залын, тергөөдө жүргөн адамдар үчүн камераларды карап чыгышты.

Андан ары № 31 – түзөтүү колониясынын объекттери, ошондой эле керектүү жабдуулар, шаймандар жана кызматкерлер менен жабдылган Атайын оорукана – көп тармактуу клиника да текшерилди.

Иш – чаранын алкагында БУУнун делегациясынын мүчөлөрү адам укуктары үчүн белгилүү күрөшчү Нельсон Манделанын эл аралык күнүнө карата, мекеменин кызматкерлерине ар кандай басма жана сувенир буюмдарын, спорттук шаймандарды тапшырышты.

Андан соң, Молдовановка айылындагы 700дөй соттолгон № 27 мекемеден кабар алышты.

Турак жай, сейилдөөчү короолор, өндүрүш цехтери, китепкана жана психолог кабинети менен таанышып чыккандан кийин атайын бөлүмдө кармалып турган экстремисттик жана террористтик ишмердүүлүк үчүн соттолгондор менен баарлашуу жүргүзүлдү.

Ошондой эле делегация Степное айылындагы № 2 – аялдардын түзөтүү колониясында болуп, медициналык бөлүм жана Балдар үйү менен таанышты.

БУУнун өкүлдөрү Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги менен пенитенциардык чөйрөдө мындан аркы реформаларды жүргүзүү жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жалпы гумандаштыруу максатында кызматташууну улантуу ниетинде.

 Источник – Министерство юстиции Кыргызской Республики

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.