Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызмат 2024-жылдын 11 айында 706 текшерүү жүргүзүп, табылган бузуулардын жалпы саны 1384 түздү.  

Анын ичинде:

– жер жаатында 1010 мыйзам бузуулар;

– суу жаатында 374 мыйзам бузуулар.                

Жазма буйруктар толук аткарылбагандыгы үчүн, КР “Укук бузуулар” кодексинин негизинде жоопкерчиликке тартылган айыпкерлердин саны 456 болуп, айыпкерлерге салынган айып пулдун жалпы суммасы 4 979 000 сомду түздү. Ал эми аталган суммадан 4 027 680 сом өндүрүлүп, мамлекеттик бюджеттин эсебине төлөнүп берилди.

Ошондой эле, коюлган доонун суммасы 9 583 183 сомду түзүп, анын 4 998 118 сому мамлекеттин бюджетине өндүрүлдү.

Source – https://agro.gov.kg

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.