Акрам Мадумаров өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Мадумаровго чейин облустун жетекчиси Абиш Халмурзаев болгон.
Акрам Мадумаров дайындалганга чейин Мамлекеттик кадр кызматынын жетекчиси болуп 2 жыл иштеген. 2013-2017-жылдары Кадамжай районун жетектеген.
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: