КР президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 6-августта өлкөнүн премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев менен жолугушту. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирет.
КР өкмөтү тарабынан өлкөдөгү экономикалык өсүштү камсыздоо жана жарандардын турмушун жакшыртуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар талкууланды. Президент Сооронбай Жээнбеков өкмөттүн аймактарды өнүктүрүү боюнча ишмердигин күчөтүү зарылдыгына басым жасады.
Мындан тышкары ал премьер-министрге өкмөттүн жаңы демилгелери боюнча алдын-ала түшүндүрүү иштерин активдештирүүнү сунуш кылды.
«Жаңы демилгелер дайым алдын ала түшүндүрүү иштерин талап кылат, анткени жарандар аларды киргизүүнүн зарылдыгы эмнеде экенинен толугу менен кабардар болушу керек», — деп белгиледи мамлекет башчысы.
Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөттүн кышка даярдыгы, күзгү талаа жумуштарын өткөрүү, социалдык жана инфраструктуралык объектилерди куруу жана оңдоп-түзөө, «Коопсуз шаар», «Түндүк» системасынын негизинде электрондук башкаруу долбоорлору жана «Таза коом» санарип трансформация Программасын ишке ашыруу боюнча аткарылып жаткан жумуштар тууралуу айтып берди.
«Таза Коом» санариптик трансформациясы программасын ишке ашыруу боюнча айтып жатып, премьер-министр өкмөткө караштуу электрондук башкаруу жана маалыматтык-коммуникациялык технологияларды өнүктүрүү боюнча кеңеш программанын алкагында ишке ашырыла турган артыкчылыктуу долбоорлордун тизмесин бекиткенин белгиледи.
«Бүгүнкү күндө „Жергиликтүү өзүн-өзү башкарууга маалыматтык киоск“, „Бала бакчаларга Е-кезекке туруу“, „Гибриддик почта“ сыяктуу 7 долбоор ишке ашырылды. 10 долбоор ишке ашырылууда, дагы 16 долбоор пландаштырылган», — деп Абылгазиев маалымдады.
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.






Spelling error report
The following text will be sent to our editors: