КР президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 27-июнда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынына катышып, өлкөнүн коомдук жана саясий жашоосу тууралуу сөз сүйлөдү.
Өлкөнүн өнүгүүсү боюнча
“Акыркы жылдар өлкөнүн коомдук, саясий–экономикалык турмушундагы маанилүү өзгөрүүлөрдүн мзгили болду. Кыргызстанда жарандык тынчтык жана саясий туруктуулук орноду. Социалдык-экономикалык тармактарда ири долбоорлор ишке ашырылууда. Энергия менен камсыздоо маселеси жакшырды. Эл аралык маанидеги стратегиялык жолдорду куруу улантылууда. Өлкөбүздүн экономикалык потенциалын жогорулатуу жана чоӊ рынокко чыгуу үчүн Евразия экономикалык биримдигине кирдик. Интеграциянын талабына жооп бере турган инфрастуктуралык объекттер курулуп жатат. Өлкөнүн экспорттук потенциалы өсүүдө”, – деп мамлекет башчысы белгиледи.
Аймактардын маселеси
Жээнбековдун айтымында, Кыргызстан чейрек кылым аралыгында экономикасын анчалык өнүгүүгө жана туруктуу өсүү темпине ээ боло албады. Региондордун ортосунда жана тармактардын арасында тыгыз экономикалык байланыштар орногон жок.
“Инвестицияларды тартуу үчүн мыйзам жагынан жакшы нормалар жазылып, керектүү укуктук база түзүлгөн. Бирок, өлкөбүздө инвестициялык климат талапка ылайык деңгээлге көтөрүлө албады. Ачыгын айталы, биздеги коррупциянын айынан көп инвестициялар башка өлкөлөргө бурулуп кетти. Рынок экономикасынын негизин түзгөн эки институт — менчикти коргоо жана келишимди сактоо укугу толук камсыздалган жок. Рейдерликке жол ачкан учурлар болду. Коомубузда криминалдын баш көтөрүшүнө көз жумду мамиле жасалды”, – деп президент кошумчалады.
Коррупция боюнча
“Коррупция менен күрөшө турган мамлекеттик структуралар — сот жана укук коргоо органдары өздөрү адилет болбой жатканына жарандардын нааразычылыгы болуп келди. Бул маселелерди Коопсуздук кеӊешинде, кийинчерээк Сотторду реформалоо кеӊешинде да көтөргөм. Бул багытта иштер башталды, бирок, маселе курч бойдон калууда. Өлкөбүздөгү өтө зарыл маселе — ички иштер органдарын реформалоо абдан кечигип жатат. Мыйзамсыз ишмердиктен пайда болгон акчалардын көлөмү чоӊойду. Бюджет саясаты — калктын басымдуу көпчүлүгү жашаган элеттин кызыкчылыгын арткы планда калтырып, региондорду өнүктүрүү маселесинин актуалдуулугу жаралды. Салык жана бажы саясаты — бул органдардын ачык-айкын, коррупциясыз иштөөсүн камсыз кыла алган жок. Ар кандай көмүскө схемалар мамлекеттик бюджетке залалын тийгизди. Алардын кесепети социалдык маселелерди чечүүгө кедерги болду”, – деп Сооронбай Жээенбеков баса белгиледи.
Энергетика тармагы реформаланат
Сооронбай Жээнебеков энергетикадагы негизги фонддор эскиргендигин басмалады.
“Системанын карызы өтө олуттуу өлчөмгө жетип олтурат. Бул тармакты башкарууда орун алган коррупциялык көрүнүштөр дагы эле жоюла элек. Ырааттуу тариф саясаты ишке ашырылбай келет”
2019-жыл – Соттук реформа жылы
“Биз үчүн 2019-жыл өзгөчө жыл болот. Коомдун жана мамлекеттин турмушундагы жаӊы этап башталат. Сот реформасы — коомду позитивдүү өзгөрүүлөргө алып келет. Бул жаӊы өзгөрүүлөр дегенибиз — соттук-укуктук чөйрөнү тескей турган жаӊы кодекстер жана мыйзамдар күчүнө кирет. Өлкөбүз ошол жаӊы нормалар менен жашоону баштайт. Сотторду реформалоо боюнча кеӊештин жакында өткөн жыйынында мамлекеттик органдарга ушул жылдын аягына чейин аткарыла турган иштер боюнча так тапшырмалар берилген. “Үлгүрбөй калдык” деген шылтоо кабыл алынбайт. Бул реформаны саботаж кылгандарга катуу чаралар көрүлөт. Талап катуу болот. Баарыбыз ушул олуттуу бурулушка даяр бололу”, – деп Жээнбеков белгиледи.
Декларациялар жалпы текшерилет
“1-июлдан баштап Президенттин аппаратынын, Өкмөттүн, Жогорку Кеӊештин, Сот жана укук коргоо органдарынын декларацияларын текшерүү башталат. Бул коррупцияга каршы кадамдын олутуу компоненти. Ар бир чиновник таман акы, маңдай тери менен тапкан кирешесине жараша жашасын. Жакындарына жаздырып, мыйзамсыз байлыгын жашыргандардын чыгымдары ачык болуп, чиновниктин таза иштөөсүн камсыз кылчу механизмдерди киргизүү зарыл. Мамлекеттик кызматкердин айлык акысы анын минималдуу керектөөлөрүнө жетиши керек”, – деп жээнбеков эскертти.
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: