Президент Сооронбай Жээнбеков 15-апрелде Мюнхен шаарынын чет жакасында жайгашкан «Pellmeyer» айыл чарба ишканасында болду. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчы уйдун кыгынан биогаз өндүрүү боюнча иштөө принциптери менен таанышты.

Сооронбай Жээнбеков ишкананы кызыгуу менен көрүп чыгып, Кыргызстанда энергиянын жаңыланма булактарын колдонуу мүмкүнчүлүгү толук ачылбай жатканын белгиледи. Бул жагынан алганда, ал бавариялык фермердин тажрыйбасын кыргыз экономикасына жакын деп баалап, бул алдыңкы тажрыйбаны үйрөнүүгө Кыргызстандын агрардык секторунун толук мүмкүнчүлүгү бар экенине ишенээрин билдирди.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.