КР президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-майда, Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕАБ) мааракелик жыйынына катышуу үчүн эки күндүк иш сапары менен  Нур-Султан шаарына учуп келди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жогорку Евразиялык  экономикалык кеңештин жыйыны чакан жана кеңири курамда өтөт, жыйындын жүрүшүндө эл аралык ишмердүүлүккө, санариптик күн тартип, жалпы электр энергетикалык рынокту түзүү жана ЕАЭБ алкагында мындан аркы интеграциялоого тийиштүү 20дай документти талкуулоо жана кабыл алуу пландалууда.

Мындан тышкары,  президент Сооронбай Жээнбеков Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев жана Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрүү жана эки тараптуу мамилелер боюнча маселелердин бардык багыттарын талкуулоо пландаштырылууда.

Кыргыз Республикасынын делегация курамында:

  • Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков;
  • КР президентинин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков;
  • Кыргызстандын Казакстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Жээнбек Кулубаев;
  • КР вице-премьер-министри Жеңиш Разаков;
  • КР финансы министри Бактыгүл Жеенбаева.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.