Бүгүн Чолпон-Ата шаардык кеңешинин депутаттары кала башчысын шайлашты. 20 депутаттын ичинен 12 Талант Сарбагышевке добушун беришти.

Талант Сарбагышев 1976-жылы туулган. Билимди Бишкек шаарындагы милиция мектебинде алган. 1997-жылдан 2018-жылга чейин ИИМ системасында иштеген. Акыркы жолу ИИМдин Кылмыш издөө башкы башкармалыгында улук ыкчам кызматкер катары иштеп келген. 2017-жылдын январь айында Чолпон-Ата шаардык кеңешинин төрагасы болуп шайланган.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.