Ысык-Көл облусуна караштуу Тоң районунун Бөкөнбаев айылында 150дөн ашык адамдын катышуусунда тынчтык митинги уюшулууда. Анда райондун активисттери 3 талап коюп чыгышты.

Тынч жолу менен уюшулган нааразычылык акциянын катышуучулары бийлик өкүлдөрүнө Балыкчы-Тосор автожолун капиталдык оңдоо, Күн-Чыгыш айыл аймагындагы 102 гектарды ээлеген Кара-Ой жер тилкесин трансформациялоо жана Дамир Мусакеевге козголгон кылмыш ишин жеңилдетүү, саясий куугунтуктан бошотуу деген талаптарды коюушту. Бул боюнча Күн-Чыгыш айыл аймагынын башчысы Улан Турганбаев мындайча жооп калтырды.

«Жергиликтүү жашоочулар жана коомдук актив коюп жаткан талаптарга ылайык, жолду оңдоого долбоордун ТЭОсу иштелүдө, жерди трансформациялоого бардык иш кагаздар даярдалып, жакын арада каралат. Ал эми Дамир Мусакеевдин иши боюнча укук коргоо органдары чечим чыгарат»,-деди ал.

Маалымдай кетсек, Тоң районундагы тынчтык митингине жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнөн район акиминин орун басаары Тимур Алымбеков жана Күн-Чыгыш айыл өкмөтү катышууда. Азыр коомдук саясий абал тынч.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.