Украинада президенттик шайлоонун экинчи айлануусунда актер Владимир Зеленский алдын ала маалымат боюнча жеңди. Азырынча, президентке талапкерди шайлоочулардын 73,02%ы колдоду. Мамлекеттин азыркы президенти Петр Порошенко 24,64%-га ээ болду.
Порошенко өзүнүн утулушу менен макул болду. Бирок президент саясаттан кетпейт, ал Владимир Зеленскийди куттуктап, жардамын сунуштады.
«Мен рахматымды айткым келет. Мени ата-энем колдоп, бирге ушунун баарын башынан өткөргөнү үчүн рахмат айтам. Жубайымдын чыдамдуулугу үчүн. Мен жөнүндө айтылган сөздөрдүн баарын илгери укса, мен менен баш кошмок эмес. Менин командама, штабдагы ар бирөөнө: эксперттерге, юирсттерге, волонтерлорго, байкоочуларга, кол-центрге – баарыңарга рахмат!», – деди Зеленский.
Владимир Зеленский Днепропетровск облусунун Кривой Рог шаарында 1978-жылдын 25-январында туулган. Ошол эле шаардые экономика институтунда окуган. Бирок кесиби боюнча бир да күн иштебей, 1996-жылы “КВНде” ойноп баштаган. 1997-жылы биринчи орунду ээлегенден кийин шоу-бизнесте ишмердиги башталат.
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: