Россия федерациясынын Санк-Петербург шаарындагы “ЕврАзЭС” университети Ысык-Көлдүк мектеп бүтүрүүчүлөрүнө гранддык негизде орун берет. Ага 400гө жакын окуучулар кызыктар болууда.

Негизги максаты квалификациясы жогорку кадрларды тарбиялоо болуп саналат. Эл аралык парламенттер аралык ассамблеясынын Евразия университетинин маалымат жана технологиялар департаментинин башчысы Вера Дивинанын айтымында, өткөн 2018-жылы эки тараптуу меморандум кабыл алынган. Анын жыйынтыгы менен 400 окуучунун ичинен сынакты мыкты тапшырган 10 окуучуга жолдомо берилет.

«Биздин окуу жай бажы кызматы, туризм, бизнес жана коммуникация жана башка факультеттерге кабыл алууга шарт түзүп берет. Квотага илинүү үчүн сынак апрель айында орус тилдүү жүргүзүлөт. Бул иш аракет алгачкы жолу уюшулуп жаткан соӊ, келечекте дагы уланат деген ойдобуз»,-деди Дивина.

Эске сала кетсек, Ысык-Көлдүн мектеп окуучуларын Орусияда окутуу келишими боюнча эки тараптуу мемарандум 2018-жылы август айында бекитилген.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.