Кыргыз Республикасынын эл артисти Сыдыков Кубанычбек Камчыбекович дүйнө салды.

Кыргыз маданияты оор жоготууга учурады. 

Сыдыков Кубанычбек Камчыбекович 1960-жылдын 3-августунда Чүй облусунун Москва районунун Беловодское айылында төрөлгөн.

1971-1975-жылдары Москвадагы академиялык хореографиялык окуу жайында билим алган. Ал эми 1975-1979-жылдары Мураталы Күрөңкеев атындагы Фрунзе музыкалык-хореографиялык окуу жайында окуган.

Окууну аяктагандан кийин аяктагандан 1979-жылы А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын балет солисти, сахнанын алдынкы чебери болуп эмгек жолун уланткан. 2002-2005-жылдары кыргыз балет труппасын жетектеген. 2006-2016-жылдары балетмейстер-коюучу болуп иштеп, ошол эле учурда 2013-жылга чейин репертуардагы спектаклдерге балет артисти катары катышып келген.

2015-жылдын сентябрь айынан 2016-жылдын январь айына чейин К. Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын хореография режиссурасы кафедрасында окутуучу болуп педагогикалык иште такшалып, өзүнүн чыгармачылык бай тажрыйбасын балетмейстерлер менен хореографтардын келечектеги муунуна өткөрүп берген.

Ошондой эле ар кайсы жылдары Ч. Базарбаев атындагы Бишкек хореографиялык окуу жайында педагог болуп эмгектенген.

2016-жылдын январь айынан сентябрь айына чейин А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын башкы балетмейстери болуп иштеген.

Кубанычбек Сыдыков  баатырдык-романтикалык багыттагы көрүнүктүү бийчи, жаркын таланты менен айырмаланган өзгөчө чебер артист болгон. Анын чыгармачылык репертуарында улуттук, орус жана дүйнөлүк классиканын спектаклдериндеги 20дан ашуун башкы, негизги жана экинчи пландагы ролдор болгон.

Алардын катарында: Базиль («Дон Кихот», Л. Минкус), Альберт («Жизель», А. Адан), Принц Зигфрид («Ак куу көлү», П. Чайковский), Принц («Щелкунчик», П. Чайковский), Спартак («Спартак», А. Хачатурян), Вацлав («Бахчисарай фонтаны», Б. Асафьев), Макбет («Леди Макбет», К. Молчанов), Нурдин («Чолпон», М. Раухвергер) жана башка көптөгөн образдар.

Кубанычбек Сыдыков кыргыз хореография өнөрүн республиканын шаарларында жана чет өлкөлөрдө: Россияда, Казакстанда, Өзбекстанда, Кытайда жана Түркияда кеңири таанытып, кыргыз балет өнөрүнүн бийик деңгээлин даңазалаган.

1985-жылы Москва шаарында өткөн Дүйнөлүк жаштар жана студенттер фестивалына, 1999-жылы Казакстан Республикасынын Астана шаарында өткөн Борбордук Азия өлкөлөрүнүн маданияты жана илими боюнча эл аралык фестивалга катышкан.

Кубанычбек Сыдыков белгилүү композиторлордун музыкасына коюлган көптөгөн хореографиялык чыгармалардын, ошондой эле заманбап жана фольклордук багыттагы балеттердин автору болгон. Алардын арасында: А. Шаматовдун «Издөө» аттуу авангард-балети (1995), О. Сакеевдин «Саймалуу-таштар» аттуу бир актылуу балети (1998), А. Шаматовдун «Баскычтар» аттуу авангард-балети (2001), К. Медетбекованын «Түбөлүктүк» аттуу модерн-балети (2001), В. Романдын «Дуэль» аттуу бир актылуу балети (2001), В. Власов жана В. Ференин «Анар»  балетинен фрагмент (2005), К. Сен-Санстын «Самсон жана Далила» операсына жазылган адажио (2007), В. Романдын «Жамийла» аттуу бир актылуу балети (2009) жана башкалар бар.

Чыгармачылыктагы көрүнүктүү жетишкендиктери жана көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн 1987-жылы СССРдин «Эмгектеги артыкчылыгы үчүн» медалы менен сыйланган. 1992-жылы кыргыз хореография искусствосун өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн «Кыргызстан Республикасынын эмгек сиңирген артисти» ардак наамы ыйгарылган. 2000-жылы балет искусствосун өнүктүрүүгө кошкон чоң салымы үчүн «Кыргыз Республикасынын эл артисти» ардак наамына татыган, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаштар үчүн «Жаштык» сыйлыгынын лауреаты болгон.
2007-жылы А. Малдыбаев атындагы Эл аралык музыкалык сыйлыкка татыган.

Кубанычбек Сыдыковдун ар бир күнү кыргыз искусствосу менен ажырагыс байланышта өттү. Кыргыз балетинин чыгармачылык дарамети, анын күнүмдүк турмушу, репетициялары, спектаклдери жана премьералары дайыма анын көңүл чордонунда болгон.

Көрүнүктүү балет артисти Кубанычбек Сыдыковдун жаркын элеси кыргыз элинин, искусство сүйүүчүлөрүнүн, кесиптештеринин, жакындарынын жана үй-бүлөсүнүн жүрөгүндө түбөлүк сакталат.

Маркумдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз.

 

С.Н. Жапаров, А.А. Касымалиев, А.К. Койчиев, У.Э. Маматканов, Ы.Ы. Атажанов, К.Л. Ханджеза, Г.Э. Сатиева, Б.М. Чомоев, А.С. Кадыралиев, М.К. Мамбеталиев, Э.Т. Аширбаев, С.А. Раев, Садык Шер-Нияз, А.А. Токомбаева, Р.Н. Чокоева, С. Тукбулатова, К. Сартбаева,
С. Токтакунова, Д. Жалгасынова, Э. Молдокулова, М.А. Бегалиев, Н.А. Асанбеков, А.М. Тумакова, Р.М. Осмоналиев, Н.У. Полотов,  С.С. Жумалиев, А. Рыскулов, Б.М. Раманкулов, А.А. Нуртазин, М.Л. Ласточкина, Б.М. Куттубаев К.С. Сулейманов, Р. А. Таирова,
Л.А. Касымова, Дж. Ибраимова, Б.С. Осмонов, А.Б. Токтогазиев, Э.В. Латыпов, К.А. Кожомуратов, А.К. Нургалиева,  А.А. Миңжылкиева, А.А. Ахмадалиева, Д.Н. Садыркулов,  С.В. Стрельцов, Ч. Үмөталиева, К.Ш. Дюйшалиев, Т.А. Чокиев, Ж.О. Кулмамбетов, Т.Т. Казаков, Т.С. Саламатов, Б.С. Тилегенов, К.А. Тиленчиев, Р.Д. Жумакунов,  Т. Мураталиев,  А.А. Акматалиев, З. Молдобакиров, А.К. Айдарова, Ч.Х. Мухтарова.

Маалымат булагы president.kg

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.