Кыргызстанда балык чарбасын өнүктүрүү жана балык продукциясынын экспорттук потенциалын жогорулатуу багытында иштер жүргүзүлүүдө.
2025-жылы өлкөдөн жалпы 857,6 тонна балык продукциясы экспорттолгон.
Ал эми 2026-жылдын 7 айында 746,7 тонна балык экспорттолду. Бул көрсөткүч 2025-жылдагы жалпы экспорт көлөмүнүн 87 пайызын түзөт.
Бүгүнкү күндө Кыргызстандын балык продукциясы негизинен Россия жана Казакстанга экспорттолууда.
Учурда өлкөдө балык продукциясын экспорттоо менен 9 ишкана алектенет. Алардын продукциясы белгиленген ветеринардык-санитардык жана фитосанитардык талаптарга ылайык экспорттук рынокторго чыгарылууда.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан балык чарбасын өнүктүрүү, өндүрүш көлөмүн көбөйтүү, ички рынокту камсыздоо жана экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү боюнча тиешелүү иштер улантылууда.

 

Маалымат булагы  egov.kg

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.