Продукциянын Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) техникалык регламенттеринин талаптарына шайкештигин тастыктоо үчүн Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги ишкерлерге ортомчу уюмдардын кызматтарына кайрылбастан, аккредиттелген сертификациялоо органдарына, сыноо лабораторияларына жана контролдоо органдарына түз кайрылууну сунуштайт.

Ортомчуларга кайрылуу юридикалык күчкө ээ болбогон ишенимсиз же жасалма шайкештикти баалоо документтерин алууга алып келет. Мындай документтерди колдонуу талаптарга жооп бербеген продукциянын рынокко чыгарылышына, административдик жоопкерчиликке тартылууга, финансылык чыгымдарга жана ишкердик абройго доо кетишине себеп болушу мүмкүн.

Аккредиттелген органдарга түз кайрылуу төмөнкүлөрдү камсыздайт:

  • шайкештикти баалоо иштеринин квалификациялуу адистер тарабынан жүргүзүлүшүн;
  • сыноолордун жана шайкештикти баалоонун жыйынтыктарынын ишенимдүүлүгүн;
  • юридикалык күчкө ээ документтердин берилишин;
  • Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Евразия экономикалык бирлигинин укугунун талаптарынын сакталышын;
  • керектөөчүлөрдүн жана бизнес өнөктөштөрдүн продукцияга болгон ишениминин жогорулашын.

Бүгүнкү күндө Кыргыз аккредитация борборунун реестринде төмөнкүлөр катталган:

  • 92 сыноо лабораториясы, алардын 36сы ЕАЭБдин шайкештикти баалоо боюнча органдарынын Бирдиктүү реестрине киргизилген;
  • 98 контролдоо органы, алардын 17си ЕАЭБдин шайкештикти баалоо боюнча органдарынын Бирдиктүү реестрине киргизилген;
  • 38 сертификациялоо органы, алардын 27си ЕАЭБдин шайкештикти баалоо боюнча органдарынын Бирдиктүү реестрине киргизилген.

Мындай сандагы аккредиттелген уюмдар ишкердик субъекттерине ортомчуларды тартпастан, компетенттүү шайкештикти баалоо органын өз алдынча тандоого мүмкүндүк берет.

Келишим түзүүдөн мурда уюмдун жарактуу аккредитация аттестаты бар экенине жана анын аккредитация чөйрөсү тиешелүү продукцияга же зарыл болгон сыноолордун түрлөрүнө жайылтыларына ынаныңыз.

Шайкештикти баалоо иштерин баштоодон мурда уюмдун аккредитациясынын статусун текшерүү сунушталат. Аккредиттелген сертификациялоо органдары, сыноо лабораториялары жана контролдоо органдары тууралуу актуалдуу маалымат Кыргыз аккредитация борборунун расмий сайтында жайгаштырылган: www.kca.gov.kg.

Аккредиттелген шайкештикти баалоо органдарынын кызматтарын пайдалануу баалоо жол-жоболорунун мыйзамдуулугун, алардын жыйынтыктарынын ишенимдүүлүгүн жана продукциянын рынокто коопсуз жүгүртүлүшүн камсыз кылат.

Маанилүү!

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги да, Кыргыз аккредитация борбору да ортомчу уюмдарга өз кызыкчылыктарын өкүлчүлүк кылууга, шайкештик сертификаттарынын берилишине кепилдик берүүгө же шайкештикти баалоо жол-жоболорун тездетүүгө ыйгарым укук берген эмес.

Эгер сизге документтерди «сыноосуз», «сертификатты кепилдик менен алуу», «сүрөт боюнча гана» же «кошумча акы төлөп тездетилген тартипте» тариздөөнү сунушташса, мындай кызматтардан баш тартып, бул фактылар тууралуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга маалымдоо сунушталат.

Маалымат булагы egov.kg

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.