2026-жылдын 9-июлунда Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Климаттык каржылоо борбору менен биргеликте уюштурулган «Кыргыз Республикасынын климаттык каржылоосу, ESG жана көмүртек рыногу: кызматташуу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр» аталышындагы презентациялык сессия болуп өттү.
Иш-чарага мамлекеттик органдардын, финансылык сектордун жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн өкүлдөрү катышып, туруктуу каржылоонун заманбап инструменттерин жана өлкөнүн климаттык күн тартибин ишке ашыруу маселелерин талкуулашты.
Сессиянын жүрүшүндө катышуучуларга төмөнкүлөр тааныштырылды:
- Кыргыз Республикасынын 2026–2030-жылдарга карата Климаттык инвестициялык программасы (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 9-июнундагы №420-т тескемеси);
- Улуттук ESG системасын калыптандыруу (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 9-апрелиндеги №410 токтому);
- Көмүртек рыногун өнүктүрүүнүн келечеги;
- Климаттык каржылоону тартуу механизмдери.
Иш-чаранын алкагында Кыргыз Республикасынын инвестициялык артыкчылыктуу багыттарына, климаттык долбоорлордун улуттук портфелин калыптандырууга, ошондой эле эл аралык финансылык институттар жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр менен кызматташууну кеңейтүүгө өзгөчө көңүл бурулду.
Ошондой эле катышуучулар ESG принциптерин ишке киргизүүнүн практикалык ыкмаларын, «жашыл» инвестицияларды өнүктүрүү маселелерин жана Кыргыз Республикасынын улуттук климаттык жана инвестициялык күн тартибин илгерилетүү боюнча сунуштарды талкуулашты.
Маалымат булагы egov.kg
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: