Маалымат булагы egov.kg
Кыргыз Республикасы
нын ветеринардык көзөмөл системасын санариптештирүү, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн ачык-айкындуулугун камсыз кылуу жана азык-түлүк коопсуздугун чыңдоо максатында үчүнчү өлкөлөрдөн импорттолгон ветеринардык көзөмөлгө алынуучу жүктөрдү кароо «Санарип VET» маалыматтык системасы аркылуу жүргүзүлүүдө.Ветеринардык кароо Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасындагы ветеринардык контролдоо пункттарынын бири болгон «Кант» убактылуу сактоочу кампасында ветеринардык инспекторлор тарабынан жүргүзүлөт. Кароо процессинин алдында инспектор кызматтык боди-камераны иштетип, анын жардамы менен бардык иш-аракеттерди объективдүү каттайт. Бул мамлекеттик көзөмөлдүн ачык-айкындуулугун камсыз кылууга, кызматтык тартипти бекемдөөгө жана талаштуу жагдайлардын алдын алууга мүмкүндүк берет.Ветеринардык көзөмөлдүн биринчи этабында жүктү коштоочу документтер текшерилет. Алардын катарына ветеринардык сертификат, ташып кирүүгө уруксат берүүчү документ, инвойс жана транспорттук документтер кирет. Ошондой эле документтердин Евразия экономикалык бирлигинин ветеринардык-санитардык талаптарына шайкештиги, өндүрүүчү ишкананын ЕАЭБдин реестрине киргизилгендиги жана ташылып келген продукция боюнча бардык маалыматтардын тууралыгы аныкталат.Документтик текшерүүдөн кийин жүккө физикалык контролдоо жүргүзүлөт. Инспектор продукциянын таңгактарын, маркировкасын, өндүрүлгөн күнүн, жарактуулук мөөнөтүн, температуралык режимин жана жалпы абалын текшерип, алынган маалыматтарды коштоочу документтердеги маалыматтар менен салыштырат. Айрым продукциялар боюнча Евразия экономикалык бирлигинин техникалык регламенттеринин талаптарына шайкештиги да кошумча текшерилет.Кароонун жыйынтыктары «Санарип VET» маалыматтык системасына түздөн-түз текшерүү жүргүзүлгөн жерде планшет аркылуу киргизилет. Системада жүктүн аталышы, келип чыккан өлкөсү, өндүрүүчү ишкана, көлөмү, транспорт каражатынын мамлекеттик каттоо номери, пломбанын номери жана башка зарыл маалыматтар электрондук түрдө катталат. Ошол эле учурда ветеринардык кароо актысы автоматтык түрдө электрондук форматта түзүлөт.Зарыл болгон учурларда продукциядан лабораториялык изилдөөлөр үчүн үлгүлөр алынат. Үлгү алуу белгиленген тартипте жүргүзүлүп, тиешелүү маалыматтар «Санарип VET» маалыматтык системасына киргизилет. Лабораториялык изилдөөлөрдүн жыйынтыгы чыкканга чейин жүк бажы көзөмөлүндө сакталат жана жүгүртүүгө чыгарылбайт.Ветеринардык кароо аяктагандан кийин өлкө-экспортёр тарабынан берилген ветеринардык сертификат «Санарип VET» маалыматтык системасы аркылуу Евразия экономикалык бирлигинин ветеринардык сертификатына кайра таризделет. Эгерде жүк бардык ветеринардык-санитардык талаптарга жооп берсе, товарды андан ары бажылык тариздөөгө уруксат берилет. Ал эми мыйзамдардын жана техникалык регламенттердин талаптарына шайкеш келбеген учурларда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Евразия экономикалык бирлигинин укуктук актыларына ылайык ветеринардык-санитардык чаралар көрүлөт.«Санарип VET» маалыматтык системасын жана кызматтык боди-камераларды колдонуу мамлекеттик ветеринардык көзөмөлдү заманбап санариптик деңгээлге чыгарууга, документ жүгүртүүнү жөнөкөйлөтүүгө, маалыматтардын тактыгын камсыз кылууга жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн натыйжалуулугун жогорулатууга өбөлгө түзөт.Мамлекеттик ветеринардык көзөмөлдүн негизги максаты – Кыргыз Республикасынын аймагына ветеринардык-санитардык талаптарга жооп берген, калктын саламаттыгы үчүн коопсуз продукциянын гана киришин камсыз кылуу.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.