2018-жылы «Кумтөр» кенинде 534 563 унция* же 16 626,78 кг алтын өндүрүлдү, анын ичинен 228 миң унция (7,94 миң тонна) – акыркы чейректе өндүрүлгөн. Сатып өткөрүлгөн продукциянын көлөмү 16 498,79 кг алтынды түздү. Бул тууралуу ишкананын 2018-жылдын жыйынтык отчетунда белгиленген.
1997-жылдын май-айынан баштап 2018-жылдын 31-декабрына чейин «Кумтөрдө» 12 млн унция же 374,31 тонна алтын өндүрүлгөн.
Маалымат боюнча, 2018-жылдын IV-чейрегинде «Кыргызалтынга»** сатылган алтындан түшкөн жалпы каражат $246,9 млн түздү. Бул көрсөткүч 2017-жыл менен салыштырмалуу 8%га жогорулаган. Жылдын жыйынтыгында сатып өткөрүүдөн түшкөн жалпы каражат $660,1 млн түздү.
2018-жылы унциянын орто баасы озгөрүлгөн жок – $1244 (2017-жылы унциянын баасы $1245 түзгөн). Бирок өздүк наркы 24%га жогорулады – $530дан $660 чейин. Сатылган продукциянын өздүк наркы 20%га жогорулады – $291,7 млн баштап $349,9 млн чейин жеткен.
Бош текти жылдыруу жана руда казып алууну кошо алганда, тоо-кен иштеринин жалпы көлөмү 2018-жылы 180,3 млн тоннаны түздү, 2017-жылы ал 181,9 млн тоннаны түзгөн, башкача айтканда, 2018-жылы 1% дан азыраак кыскарган.
*Троялык унция = 31,10348 грамм
**«Кумтөр» кенинен чыккан жалгыз өндүрм – Доре уютмалары, алар «Кумтөр Голд Компани», «Кыргызалтын» ААКсы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн алтын жана күмүштү сатып өткөрүү жөнүндө макулдашууда каралгандай, Кара-Балта шаарындагы аффинаждык заводдо кайра иштетилүү үчүн «Кыргызалтын» ААК тарабынан сатып алынат. Тазаланган алтын менен күмүштү Кыргыз Республикасында жана анын сыртында сатып өткөрүү укугуна «Кыргызалтын» ААКсы гана ээ.
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: