«Кумтөрдүн» мамлекеттик бюджетке салыктар жана милдеттүү төлөмдөр түрүндөгү 2018-жылдагы салымы 9,6 миллиард сомдон ашты. Бул тууралуу ишкананы жылдык отчетунда айтылган.
2018-жылы КР аймагындагы төлөмдөр, анын ичинде салыктар, аффинаж акысы, товарлар менен кызматтар үчүн төлөмдөр, инфраструктура төлөмдөрү, кайрымдуулук 301,938 млн АКШ доллардан ашты.
Башка салыктар жана милдеттүү которуулар $109 млн, КГКнын кызматкерлеринин таза эмгек акысы – $73,7 млн жана КРнын Социалдык фондуна төлөмдөр $21,2 млн түзгөн.
КР инфраструктурасына тиешелүү төлөмдөрүнө (электр энергиясы, кен ишканасынан сырткары жолдорду жакшыртуу жана тейлөө) ишкана $14,7 млн ашык каражатты жумшаган. Товарлар жана кызматтар, азык-түлүктү сатып алуулар $67,3 млн түзгөн.
Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондуна салым $7,3 млн түздү. Экологиялык төлөмдөр, демөөрчүлүк жардам жана социалдык долбоорлорго “Кумтөр” $2,5 млн сарпталган.
Компания иштеген 1994-2018-жылдар аралыгында Кыргызстан аймагындагы төлөмдөр 3 миллиард 774 миллион АКШ доллардан ашкан.
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: