2024-жылы микрокредит берүүчү уюмдар тарабынан берилген кредиттердин суммасы 65 млрд. сомду түздү, мында алуучулардын саны бир миллион адамдан ашты. Микрокредиттерди алган калктын саны 2023-жылга салыштырганда 1,5 эсеге, ал эми берилген микрокредиттердин көлөмү 28,4%га көбөйгөн.
Микрокредиттердин олуттуу суммасы Бишкек шаарынын (берилген микрокредиттердин жалпы көлөмүнүн 24%ы), Ош облусунун (16%га жакын), Чүй (15%) жана Жалал-Абад облустарынын (15%га жакын) алуучуларына берилген. Микрокредиттерди алуучулардын басымдуу саны ушул эле аймактарга туура келди.
2024-жылы берилген микрокредиттердин жалпы көлөмүнүн 54%га жакыны керектөө муктаждыктарына, 19%ы айыл чарбасындагы ишмердикти өнүктүрүүгө багытталды. Соода жана коомдук тамактануу чөйрөсүнө берилген микрокредиттердин үлүшү – 12%га жакын, курулушка – 5%га жакынды түздү.
Алуу максаттары боюнча калкка микрокредиттердин берилиши
(микрокредиттердин жалпы көлөмүнө карата пайыз менен)

_____________________________________________________________________________________
Финансы жана баалар статистикасы башкармалыгы |e-mail: m.abdukadirova@stat.kg; |тел. + 996 (312) 626073, 625591
Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү (“Расмий статистика жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).
Источник – Министерство сельского хозяйства Кыргызской Республики
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: