Мекен коргоочулардын майрамы алдында «Дордой Плаза» соода борбору атагы чыккан бренддердин кийимин, бут кийимин жана аксессуарларын саткан дүкөндөргө кирип, жубай, ата, ага, кесиптеш же жөн гана теңтуштарыңызга белек алууга чакырат!

Анда эмесе, СПОРТ МЕНЕН МАШЫККАН мырзага 23-февралда эмне белек кылса болот?

Спорт менен машыгып, активдүү жашагандар үчүн соода-көңүл ачуу борборунда миң түркүн товарлар бар.

Nike (3)

Nike дүкөнү сиздердин назарыңызга спорт кийими, бут кийим, акссесуар жана башка спорт шаймандарын тартуулайт. Майрамга карата кардарларыбыз үчүн бүт коллекцияга 50% жана 70% арзандатуу берилет.


Adidas брендин жактыргандар да белексиз калбайт. Фирмалык дүкөндө кардарларды дүйнөгө атагы чыккан ишкананын бут кийим, кийим жана шаймадары күтөт. Кроссовкалар, футболкалар, топтор, жон куржундар, спорт күйөрмандарынын шаймандары – ушул жана башка көптөгөн товарларды сиз Adidas бутигинен табасыз.


Joma дүкөнүндө футбол, баскетбол, теннис, жеңил атлетика жана спорттун башка түрлөрүнө кызыккандар үчүн товарлар чогулган. Испан ишканасынын фирмалык дүкөнүндө мырзалар коллекциясына 30% арзандатуу берилет.


Multi Sport бутиги кардарларын Oasics, Diadora менен Babolat сыяктуу дүйнөлүк бренддеринин спорт шаймандары, кийим жана бут кийимдери менен кубандырууга даяр.


Мекен коргоочулардын майрамына карата Li-Ning фирмалык балдар жана чоңдордун спорт кийими дүкөнүндө кардарларды жагымдуу бонустар күтөт. Бул жакка жайкы коллекция келип түшүп, ага 20% арзандатуу берилет.


Sport Master дүкөнү өз кардарларына күч тренажерлору, азык, ошондой эле спорт сүйүүчүлөрү жана адис спортчулар үчүн шаймандарды тартуулайт. Анда – Nike, Adidas, Puma сыяктуу дүйнөлүк бренддер сунуштаган кийим жана бут кийим бар. Албетте, кийимдин дээрлик көбүнө 20% жана 50% арзандатуу берилет.


Sport Time дүкөнүндө сиз Adidas, Nike, Reebok, Columbia, Converse жана Under armour сыяктуу алдыңкы бренддердин спорт кийими, бут кийим, аксессуар жана сумкаларын таба аласыз. Баардык товарга 50% арзандатуу берилет.

… ЫҢГАЙЛУУЛУК ЖАНА АЧЫК СТИЛДИ ЖАКТЫРГАНДАР ҮЧҮН:

Мекен коргоочуларынын гардеробун ыңгайлуу жана стилдүү буюмдар менен толуктагысы келгендер үчүн Levi’s, Gauche, Giovani Gentile жана Climber фирмалык дүкөндөрүнө баш багуусун сунуштайбыз.

Дүйнөгө атагы чыккан Levi’s соода маркасынын дүкөнү джинсы, ич кийим, жон куржун, бел кур жана башка акссесуарлардын жазгы коллекциясы менен толукталды. Бул товарлар ыңгайлуулук жана стилди жактырган ар бир мырзанын имиджин көрктөндүрүп турат.


Француз брендинин Бишкектеги өкүлчүлүгү Gauche сунуштаган кийим жана бут кийимдердин түрү расмий дресс-код жана casual стилин жактырган мырзаларга туура келет. Урматтуу айымдар, шашылыңыздар: майрамдык 30% жана 50% арзанжатуулар 25-февралга чейин гана берилет!


Классика жана casual сүйүүчүлөр Giovani Gentile дүкөнүндө тартууланган кийим, ишкер костюм, эркек көйнөк жана бут кийимин баалайт. Бүт ассортиментке 20% арзандатуу, кыш кийимдерине – 50% арзандатуу.


NCS дүкөнүндө эркектер үчүн кийимдердин, аксессуарлардын, сааттардын жана каптардын кен түрү сунушталат. 23-февралга карата дүкөндүн бүт ассортиментине жана күзгү-жаз коллекциясына 50% арзандатуу болот.


Climber B.C. дүкөнүндө кардарлардын назарына түрк өндүрүүчүлөрү сунуштаган мырзалардын кийими жана бут кийиминин жазгы коллекциясы сунушталып, сиздин мырзаңызга өзгөчөлүгүн бөлүп көрсөтүүгө жардам берет. Товарлардын кее бир категориялары үчүн 30%дан 50%га сейин арзандатуулар болот.

… КЛАССИКАНЫ ЖАКТЫРГАНДАРГА

Классика мезгилге баш ийбегендиги жашыруун сыр эмес! Оор басырыктуу, кынтыксыз стиль дүйнө жүзүндө миллиондогон эркектин сүйүүсүн жана урматына татыды.

Enrico Rosetti мультибренд дүкөнүнүн ассортиментинде негизинен түрк жана италия бренддеринин кийими, бут кийими жана аксессуары сунушталып, жыл мезгилине жараша 10%дан 50% чейинки арзандатуу берилет. Баа менен сапаттын кынтыксыз катнашы – бул бутиктеги сунушталган буюмдардын негизги айырмачылыгы.


Мекен коргоочуларга AVVA дүкөнү да кам көрүп койгон, бул жерде кийим, костюм, эркек көйнөк, футболка, галстук, атыр, ич кийим жана мырзалардын аксессуарлары топтолгон. Мырзаларга белектин түрү катары 2,3 жана 5 миң сомдук сертификатын сунуштайбыз.


Мекен коргоочулары үчүн белек тандоодо италиялык бренд кийиминин Renzo Rinaldi бутигин эстен чыгарбоо керек. Бул жерден костюм алгандарга белекке эркектин көйнөгү менен галстук белекке берилет. Мындан тышкары 30%дан 50% чейинки арзандатуу да бар.


Ал эми Alibi чыныгы мырзалар үчүн тигилген классика жана casual стилиндеги түркүн буюмдарды сунуштайт. Эски коллекцияга 20%дан 50% чейинки арзандатуу бар, ошондой эле костюм, эркек көйнөгү жана бут кийимдин жазгы коллекциясы келип түштү!

… МАЙДА-БАРАТКА КӨҢҮЛ БУРГАНДАРГА

Cerruti 1881 италиялык мода үйү назарыныздарга сонун кийим, атыр, булгаары буюмдары, саат жана аксессуарларды сунуштайт. Ишениңиз, мырзаңыз сиздин мыкты белегиңизди баалайт. Жаны коллекциядан тышкаркы буюмдарга майрамдык 50% арзандатуу берилет.


Euphoria бутигине баш багууну унутпаңыз. Chanel, Dior, Guerlain, Yves Saint Laurent, Hugo Boss сыяктуу дүйнөлүк бренддери сунуштаган мырзалардын атыры тандагыч кардарларды кайдыгер калтырбайт! Мекен коргоочуларынын майрамы алдында айрым буюмдарга 50% чейинки арзандатуу берилет.


Булгаары буюмдарын жасоочу түрк өндүрүүчүсүнүн расмий өкүлү болгон Derimod сиздин назарыңызга стилдүү күрмө, сумка жана бут кийимине 60% (күрмөгө) жана 70% (бут кийимге) арзандатуу берет.


Мырзаңызга туура келген белекти издеп жүрсөңүз, «Дордой Плазага» жөнөңүз, себеби бул соода борбору бут кийим, акссесуар, кийимдин кеңири түрүн сунуштайт. Бул жерден сиз издеген белегиңизди сөзсүз табасыз жана да биз берген кенештерден пайдаланып калыңыз!

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.