Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши 2026-жылдын 9-сентябрында Евразия экономикалык биримдигинин бажы чек арасындагы жана бажы аймагындагы карантиндик фитосанитардык көзөмөлгө (көзөмөл жүргүзүүгө) жатуучу карантиндик продукциялардын (карантиндик жүктөрдүн, карантиндик материалдардын, карантиндик товарлардын) тизмесине өзгөртүү киргизүү жөнүндө чечим кабыл алды. Аталган жыйынга Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Мирбек Дуйшеев катышты.
Ага ылайык, жыгачтан жасалган таңгактоочу жана бекитүүчү материалдар эл аралык стандарттарга ылайык тиешелүү фитосанитардык иштетүүдөн өткөн учурда фитосанитардык сертификат менен милдеттүү түрдө коштолуудан бошотулат.
Эске салсак, буга чейин эл аралык маркировка болгон күндө да кошумча фитосанитардык сертификатты тариздөө талап кылынган.
Жаңы тартиптин киргизилиши зарыл болгон документтердин санын кыскартууга, тариздөө убактысын азайтууга жана ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ортосунда жүктөрдү ташууну жеңилдетүүгө мүмкүндүк берет.
Ошол эле учурда кабыл алынган чечим фитосанитардык коопсуздуктун деңгээлин төмөндөтпөйт. Эл аралык маркировка жыгачтан жасалган таңгактоочу же бекитүүчү материалдын эл аралык талаптарга ылайык белгиленген фитосанитардык иштетүүдөн өткөндүгүн тастыктайт.
Кабыл алынган чечим ЕАЭБ алкагында ашыкча административдик жол-жоболорду кыскартууга жана өз ара соода жүргүзүү үчүн кыйла ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган дагы бир кадам болуп саналат.
Маалымат булагы egov.kg
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: