“Айыл чарбасын каржылоо” долбоорун ишке ашырууну улантуу максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 26-февралындагы №22-т тескемеси менен “Айыл чарбасын каржылоо – 12” долбоору кабыл алынды.

Бул долбоорду ишке ашырууга мамлекеттик 2 коммерциялык банкы катышууда, кредиттөөнүн көлөмү 7 000 000 000 (жети миллиард) сомду түздү.

Долбоордун алкагында 2 багыт боюнча насыя каралган.

1. “Мал чарбачылыгы” категориясына төмөнкү чарба субъекттери кирет:

– бодо мал өстүрүү;

– кой, эчки, жылкы, коён өстүрүү;

– канаттууларды (тоок, өрдөк, каз, төө куш, бөдөнө жана башка айыл чарба канаттууларын) өстүрүү.

2. “Өсүмдүк өстүрүү”  категориясына төмөнкү чарба субъекттери кирет:

– дан өсүмдүктөрүн өстүрүү;

– буурчак өсүмдүктөрүн өстүрүү;

– техникалык өсүмдүктөрүн өстүрүү;

– жашылчаларды, бакча өсүмдүктөрүн өстүрүү;

– мөмө-жемиштерди өсүмдүктөрүн өстүрүү;

– пахта өсүмдүктөрүн өстүрүү;

– питомниктин меме-жемиштерин өстүрүү;

– тоют өсүмдүктөрүн өстүрүү;

– сугаруунун сууну үнөмдөөчү технологияларын колдонуу (тамчылатып сугаруу, жамгырлатуу);

– күнөскана чарбасын жүргүзүү.

Source – https://agro.gov.kg

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.