2019-жылдын январь айында Бишкекте КР Коопсуздук Кеңешинин отуруму өттү. Отурумда тоо кен тармагынын орчунду маселеси көтөрүлдү. Кеңешке чейин, кыргыз бийлиги Кыргызстандын инвестициялык климатын оңдоого чара көрүш экендигин бир нече жолу айткан. Бул жолу да президент Сооронбай Жээнбеков Кеңештин катышуучуларына эскертти.

“Мамлекет эч кимдин укугун коргобой жатканын көргөн инвестор бизге келбейт. Экономиканы кантип көтөрүп, айлык акы, пенсия, пособиелерди төлөйбүз? Абалды оперативдүү түрдө оңдобосок, өлкөнүн бактысына зыян тийгизет”, – деп президент белгиледи.

Бир жумадан кийин, президент тоо кен тармагында иштеген инвесторлордун укугун коргоо боюнча Коопсуздук кеңеш кабыл алган чечимге кол койду.

Президенттин айтымында, жыл сайын тоо кен тармагындагы ишканалар бюджетке  12 миллиард сом салат. Бул ИПДнын жалпы көлөмүнөн 8%ы, өндүрүштүн 44%ын чапчыйт. Өткөн жылдын аягында бул тармактын өсүшү өлкөнүн ИПДын 8,1%ын ээлеген.

Бул маселенин ичинде, албетте, “Кумтөр Голд Компани” ЖАКна чоң көңүл бурулат. Биздин республика 77 миллион 401 миң 766 акция менен “Кыргызалтын” ААКу аркылуу “Центерранын” негизги акционери болуп саналат. Азырынча, Кыргызстандын акциялары 387,6 миллион АКШ долларына бааланат.

Ысык-Көлдө жайгашкан кен облуска маанилүү. “КГК” ЖАКун эң негизги жардамы – облусту өнүктүрүү фондуна компаниянын дүң кирешесинин 1% өлчөмдө акча каражатты которуу.

Акыркы күндөрү облустун жетекчилиги Ысык-Көлдү онуктүрүү фондунун өкүлдөрү менен бирге болуп кендин иши менен таанышып келишти. Облустун ыйгарымдуу укуктуу өкүлү Акылбек Осмоналиевдин айтымында, саякат “көзөмөлдүк” түрдө өткөн жок, чиновниктер ысык-көлдүктөрдүн иштеген шарттары менен гана танышты.

“Менин демилгемди колдогон “Кумтөр Голд Компанинин” жетекчилигине ыраазымын. Биз көргөндөй, ишкананын жамаатынын шарттары эң жакшы. Мен бул жерге акыркы жолу 15 жыл мурун келгем. Андан бери, эмгек шарттары оң жака оңолду. Биз бул жерге акимдерди акча каражат кандай оордук менен табылып жатканын көрсөтөлү деп алып келдик”, – деди Акылбек Осмоналиев.

Облус жетекчиси белгилегендей, компания менен кызматташуу өркүндөгөнү байкаланат. Мыйзамдардагы акыркы өзгөрүүлөр ортодогу маселени чечүүгө борбордук бийликтин кереги жок – жада калса айыл аймагынын деңгээлинде чечилет.

Алтын кен Жети-Өгүз районунда жайгашат. Райондун акими Мурат Рамановдун айтымында, астыбыздагы жылда райондук ишкерлер “Кумтөргө” өзүнүн жаңы сунуштарын даярдайт.

“Биздин максат- ишканадагы эмгек шарттары менен танышуу. Биз “КГК” менен кызматташабыз. Мисал үчүн, “Кумтөр” каржылаган микронасыя берүү ишкананы айтсак болот. Азырынча, калкка 138 миллион сомго жеңилдетилген насыялар берилген” – деп Раманов белгиледи.

“Кумтөр” менен кызматташкан Тоң районунун акими Таалайбек Ажиев, 9 айыл аймагы муниципалдык ишкана түзүп, кенге ижарага берилген унаалар жөнүндө токтоду.

“Компаниянын тарабынан социалдык тармакта активдүү жардам берилет. Биздин 9 айыл өкмөтүбүз жүк ташуучу унааларды сатып алып “Кумтөргө” ижарага берет. Түшкөн каражаттын баарын атайын түзүлгөн кеңеш бөлүштүрөт. Келечекте биз дагы үч транспорттук ишкана түзүп кызматташабыз”, – деп кызматташуу боюнча Ажиев айтып берди.

Акыркы жылдары Кыргызстанда “кичи-курултайралды” чакырып инвесторлорго каршы ураандары салышат. Облустун жетекчиси Акылбк Осмоналиев “Кумтөр” менен келишимди денонсациялоо жана улутташтыруу деген чакыруулар менен маакул эмес.

“Баардыгы мыйзам түрүндө болуш керек. Улуташтырабыз дегендер көп нерсени билбейт, алардын демилегси негизсиз. Менин оюмча, бул демилгелер көтөрүлө баштаганы шайлоонун жакындаганын айтат. Негизсиз ураандарды көтөргөндөр, бул жерде миңдеген кыргызстандыктар иштеп жатканын түшүнбөйт. Мен Жети-Өгүз районунда да бул маселени көтөрбөйт деп эсептейм”, – деп Осмоналиев өз пикирин айтты.

Акимдер Акылбек Осмоналиевдин сөздөрүн колдойт. Алар 2018-жылы Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондусуна 500 миллион сом которулуп көптөгөн социалдык маселе чечилип келгенин билет.

“Жыл сайын биз бала бакчалар менен мектептерди куруп, оңдойбуз. Жардам фонддон сырткары, “Кумтөрдүн” кызматкерлеринен түшөт: алар өздөрүнүн каражатына спорт аянтчаларды салышат”, – деп облустун жетекчилиги белгиледи.

2019-жылга чейин Фондко түшкөн каражаттар курулуш иштерине гана каралган. Акылбек Осмоналивдин айтымында, 2019-жылдан баштап, түшкөн каражаттар киреше алып келүүчү долбоорлорго жумшалат.

“Мурда каражаттар соцобъектилерди курууга жана оңдоо иштерине жумшалган. Биз кыргыз өкмөтүнө түшкөн каражаттын бир нече пайызын киреше алып келүүчү долбоорлорго жумшайлы деп сунуштадык. Бул долбоорлор аркылуу биз жергиликтүү ишкерлерди колдойбуз”, – деди Осмоналиев.

Демилгени өкмөт колдосо, Фонддун каражатынын 8%ы киреше алып келүүчү долбоорлорго каралат. Андан сырткары, каражаттын 15-20%на КР коммерциялык банктарынан аманаттар ачылат.

 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.