«Кумтөр Голд Компанинин» башкы артыкчылыктарынын бири – өз ишмердигин жүргүзгөн аймакты толук өнүктүрүүгө салым кошуу аракети. Бир нече жылдардан бери компания жергиликтүү жашоочуларга ынанымдуу өнөктөш болууга бар күчүн жумшап келет.
Айтсак, “Кумтор Голд Компани” ишканасынын күнүмдүк операциялары үчүн зарыл болгон буюм-тайымдар менен кызматтардын 11 миң түрүн 600гө жакын кыргызстандык ишкалардан алынат. Азык-түлүк товарларынын 100% республиканын аймагынан сатылып алынат.
Бүгүнкү күндө ийгиликтүү кызматташуунун катарында Түп районундагы «Сүт Булак» ЖАКу да бар.
“Негизи Кумтөр ири ишканасы менен келишим түзүп иштеп келгенден бери сүттөн айран, йогурт, сыр, быштак, каймак жана башка көптөгөн азыктарды даярдап келе жатабыз. Келишим менен чектелип калбай ички рынокко да чыга алдык. Бул аракет калктын социалдык жашо турмушуна күнүмдүк керектөөсүнө материалдык жактан жакшыртты. Азыркы тапта чакан ишканабызда 50-60 адам эмгектенсе, Түп районунун дыйкан, фермерлери саан уйларды көбөйтүп сүт өткөрүп турушат”, – деп ишкананын сатуу боюнча адиси Венера Сулайманова билдирди.
Мындан сырткары алтын кенде эмгектенген 2500дөн ашуун жумушчуларга кийим-кече, төшөнчү жана атайын баштыктарды облуста эки тигүүчү цехтери камсыз кылышат. Анын ичинен Жети-Ѳгүз районунун Барскоон айылында «Бакыт» ЖЧКсы жууркан төшөктү буйрутмага алып, жергиликтүү ууз чеберчилерди жумуш орунларын камсыздоодо.
“Жергиликтүү тикмечилердин арасынан биздин цех Кумтөр ачылгандан тарта иштеп келе жатат. Тагыраагы 20 жылдан аралыгында ири компанияга улуттук сувенерлерден баштап, тиричиликке керектүү бардык тикмечилик чеберчиликти кылдаттык менен аткарып, камсыздап келдик. Албетте азыр, атаандаштык күч. Ошентсе да компания биздин кызматкерлер даярдаган жууркан төшөктөргө баа берип, кайрадан бизди тандап алды. Азыр чакан цехибизде 10 адам туруктуу жумуш оордуна бекиген. Кумтөрдөн буйрутма келгенче кошумча жумуштарды аткарып акча таап келишет”, – жопкерчилиги чектелген компаниянын жетекчиси Бүбүайда Орозобекова айтып берди.
Демек, бул күнүмдүк колдонула турган керектөөлөр болсо, ал эми Кумтөрдүн негизги геологиялык чалгындоо үчүн атайын жыгач кутучаларын Жети-Ѳгүз районундагы Тилекмат айылынын тургундары даярдап беришет. Бул боюнча «Көл Кенчи» ЖЧКнын жетекчиси Асхад Сейитказиев иш тажрыйбасы боюнча ой бөлүшту.
“Биздин чакан компаниябыз 2010-жылы түптөлүп, ал арадан бери Кумтөр менен тыгыз байланыштабыз. Анткени компания алтын кенин казуу үчүн геологиялык чалгындоого керектүү кутучаларды бизге буйрутма беришет. Азыркы тапта столярдык цехибизде 6 адам туруктуу иштесе, ири ишканадан буйрутма келгенде мектеп окуучулары келип, өздөрүнө маяна таап кетишет. Менимче бул окуучулардын жыгач устачылыкка болгон шыгын ойготуу да келечекке жакшы таасир калтырат. Болжол менен ар бир 3 айда 2 миӊге жакын жыгач ящиктер даярдалып жөнөтүлөт”, – деди Сейитказиев.
Демек, мындай өндүрүштөр облустагы бир нече жумушчу орунжарды түзүп, социалдык элдин жашо турмушун жакшыртууга жетишти. Андыктан жергиликтүү берүүчүлөрдүн “Кумтөр” менен кызматташууга кызыкдарлык даражасы дайыма өсүүдө. Ошентсе да «Биз учурдагы жана потенциалдуу берүүчүлөрдү колдойбуз жана аларга бул тосколдуктарды жеңүүгө жардам беребиз», дешет “Кумтөр Голд Компани» ишканасы.
“Биз жергиликтүү ишкерлерди «алкактардан тышкары» ой жүгүртүүгө жана жаңы идеяларды, товарларды жана кызматтарды сунуштоого чакырабыз. Мына ошентип, алардын ишканалары ийгиликтүү болуп калышат жана жергиликтүү жамааттар үчүн жаңы иш орундарын жана мүмкүнчүлүктөрдү түзүшөт. Эӊ негизгиси биз үчүн товарларды жана кызматтарды сатып алууда туруктуулук, сапат жана баалар факторлорун эске алуу маанилүү. «Кумтөр» ишканасынын приоритеттеринин бири, мүмкүн болгон учурда жергиликтүү рынокто товарларды сатып алуу болуп саналса дагы, жергиликтүү берүүчүлөрдүн коюлган критерийлерге ылайык келиши дагы зарыл, – дейт алтын кен.
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: