Кыргызстандын активист-оппозиционерлери “Кумтөр” ири ишканасына кайра көңүлүн бурушту. 28-январда “Элдик курултайдын” катышуучулары Centerra Gold inc. менен келишимди денонсациялоо же ишкананы толук улутташтыруу маселесин көтөрүштү.

Алар, Кыргызстан “Кыргызалтын” ААКу аркылуу 77 млн 401 миң 766 акциянын ээси болуп,“Центерранын” негизги акционери экендигин эске алган жок. Кыргыз Республикасынын акцияларынын баасы 391,6 миллон АКШ доллар турат.

Улуташтыруу демилгенин максаты кандай?

Активисттер кен Кыргызстандын кызыкчылыгына иштетүүнү айтышат. Ошондуктан, “Курултайдын” катышуучулары бул маселени Жогорку Кеңешке талкууга сунуштоого даяр. Демилге эки мыйзам долбоор менен берилет. Парламент талкууга кириш үчүн 10 миң кыргызстандык макул деп кол коюп бериш керек. Бул жерде курултайлыктар канадалыктар менен эл аралык соттон жолуугуга даярдыгы коркунучтуу. Биз утабыз деп ишенгенине да таңкаласын.

“Сотко 5 миллион доллар коротуп, биз Кумтөрду алып, миллиарддаган каражатты утуп алабыз”, – деп курултайдын катышуучулары белгиледи.

“Биз мыйзам долбоорун даярдап, Жогорку Кеңештин депутаттарына сунуштайбыз. Эгерде аны парламент кабыл алса, “Кумтөр” боюнча келишим денонсация болот”, – деди “Элдик курултайдын” аткаруучу комитетинин төрагасы  Айбек Мырза.

“Өкмөткө сунушталган денонсация – жеңил вариант. Анткени, биз жаңы келишимди түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдү кайрадан жүргүзүүнү күтөбүз. Катуу чара көрөбүз десек, анда “Кумтөр” ишканасын улутташтырабыз”, – деп отурумда Азимбек Бекназаров пикирин айтты.

Алтын кенди тартып алабыз деп айткан активисттер Саруунун тургундары жакты карап баштарын ийкешет. 2013-жылы саруулуктар башаламандыкка барып, ишкананын ишин бир нече күнгө токтоткон. Жыйынтыкта Караколдо экс-губернатор Эмилбек Каптагаевди барымтага алгандан кийин, активдүү катышуучулары камакка алынган.

Бүгүн саруулуктар ишканын улутташтыруу маселесин талкуулагандан качышат.

“Азыр “Кумтөр” Жети-Өгүз районуна жакшы жардам берет. Бул маселени чечүүгө өкмөткө мүмкүн беришибиз керек”, – деп Саруу айылдык кеңешинин төрагасы Алишер Нурбек уулу эсептейт.

Эксперттер эмне деп ойлошот?

“Кумтөрдү” улутташтыруу боюнча саруулуктардын баары макул эмес.

“Курултайда Ысык-Көлдөн үч айым келип, улуташтырууга каршыбыз деп айтышты. Алар бул демилгени көтөрсөнөр көлдүктөр каршы чыгат деп убадалашты”, – деп Элет.media менен тузгөн маекте Кыргыз тоо-кенчилер жана геологдор ассоциациясынын президенти Орозбек Дүйшеев айтып берди.

“Биз ал жерге катыштык. Бекназаров улутташтыруу демилгесин көтөргөндө биз оюбузду айттык. Ысык-Көлдүн эли толук көтөрүлсө эмне кылышат? Эч бир эсептөөсү, логикасы жок демилгени айтышты”, – деп Дүйшеев белгиледи.

Анын айтымында, активисттер улутташтыруу демилгесин көтөрбөйбүз деп макул болгон.

“Бул курултай легитимдүү эмес.  Оппозционерлер элди дуулдатып, кесепетти ойлогон жок. “Центерра” менен келишимди денонсациялоо туура эмес. Ал жерде миңдеген эл иштейт, бюджетке ири каражат түшөт, социалдык маселелер чечилет”, – деп экономист Асылбек Аюпов эсептейт.

Анын айтымында, алтын кен иштебей калса, Кыргызстанга инвесторлор келбейт. Эгерде ал бул жерге келип иштесе, анан ар кандай “курулайлар” ишкананы тартып алса инвестициялар түшпөй калат.

“Чет элдик инвестицияларды коргоо мыйзамы бар. Денонсациялоо жергиликтүү эмес мамлекеттик маселе болуп кетет. “Кумтөр” азырынча, өлкөгө киреше алып келген жалгыз мамлекеттик долбоор. Макул, активисттер максатына жетти: анда жумуш токтойт, техниканы чыгарып кетишет. Кумтөр эмне менен клаат? Ал жерде экологиялык маселе чечилбей калат. Бизде демократия болгону менен, өкмөт өзүнүн күчүн көрсөтүш керек”, – деп Асылбек Нургазиевич белгиледи.

Кумтөр шайлоонун астында саясий упай!

Серепчи Игорь Шестаков Бекназаровдун “Кумтөргө” каршы демилгесин 2020-жылда келе жаткан шайлоонун астында жөнөкөй пиар деп санайт.

“ЖК депутаттык мандатын алыш үчүн “Кумтөрдүн” айлансындагы кырдаал саясий упай топтоо үчүн колдонулат. Акыркы сегиз жылдан бери “Кумтөр” саясий курал болуп калган. Саясатта кандай бир күрөш башталса, бул стратегиялык ишкана биринчи планга чыгат. 2012-2013-жылдарды эстесек, “Кумтөрдү” улутташтыруу демилгеси менен “Ак үйдү” басып алуу аракеттери болгон. “Кумтөр” жөнүндө сөз пайда болгону – шайлоо жакындап келе жатканын билдирет. Андан сырткары, 2018-жылы экономикада инвестициялар кыскарды. Бекназаровдун билдирүүлөрү инвестиция алып келүүгө тосколдук кылат”, – деп Шестаков жыйынтыктады.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.