Кыргыз Республикасына Кытай Эл Республикасынын Рынокту көзөмөлдөө жана жөнгө салуу боюнча мамлекеттик башкармалыгынын (SAMR) делегациясы иш сапар менен келди.

Иш сапардын алкагында Экономика жана коммерция министрлигинде жана Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде органикалык стандарттардын эквиваленттүүлүгү, сертификаттарды өз ара таануу жана соода кызматташтыгын өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Сүйлөшүүлөргө министрдин орун басары Рысгүл Акимжанова жана Кайра иштетүү өнөр жайы жана органикалык айыл чарба департаментинин директору Жанара Бакирова катышты.

Негизги тема – эки өлкөнүн органикалык стандарттарын шайкеш келтирүү жана сертификация системаларын өз ара таануунун натыйжалуу механизмин түзүү болду. Бул органикалык продукция өндүрүүчүлөр үчүн тоскоолдуктарды азайтып, кыргыз продукциясынын Кытай рыногуна чыгышына шарт түзөт.

СҮЙЛӨШҮҮЛӨРДҮН НЕГИЗГИ ЖЫЙЫНТЫКТАРЫ:

Сертификаттарды өз ара таануу. Тараптар органикалык продукциянын сертификаттарын өз ара таануу боюнча принципиалдуу макулдашууга жетишти.

Биргелешкен жумушчу топ. Эки өлкөнүн адистеринен турган жумушчу топ түзүлүп, техникалык регламенттерди жана органикалык стандарттарды шайкеш келтирүү боюнча иш алып барат.

Адистерди окутуу. Кыргызстандын адистери үчүн окутууларды жана такшалмаларды уюштуруу маселеси каралды.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар органикалык айыл чарбасын өнүктүрүү, экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү жана азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу багытында кызматташтыкты күчөтүүгө кызыкдар экенин белгилешти.

Бул кызматташтык өндүрүүчүлөр үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүп, Кыргызстан менен Кытайдын соода-экономикалык байланыштарын кеңейтүүгө өбөлгө түзөт.

Маалымат булагы egov.kg

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.