Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин биринчи орун басары Илич Марсбек уулу Бириккен Араб Эмираттарынан келген делегация менен жолугушту. Делегацияны доктор Хумайд Аль Кааби жетектеди. Жолугушууда Кыргызстанда заманбап асыл тукум мал чарбасын түзүүгө багытталган инвестициялык долбоорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.
Кыргызстан мал чарбасын өнүктүрүү үчүн чоң мүмкүнчүлүктөргө ээ. Өлкөдө кеңири жайыттар, мал чарбасына ыңгайлуу жаратылыш-климаттык шарттар жана асыл тукум малды көбөйтүү үчүн зарыл болгон ресурстар бар. Ушул мүмкүнчүлүктөрдү натыйжалуу пайдалануу менен малдын сапатын жана өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу, заманбап технологияларды киргизүү маселелери жолугушууда өзгөчө белгиленди.
Тараптар жогорку өндүрүмдүү асыл тукум малдарды Кыргызстанга алып келүү, аларды багуу үчүн заманбап шарттарды түзүү жана ветеринардык тейлөөнү жакшыртуу боюнча пикир алышты. Ошондой эле мал чарба комплекстерин түзүү, сапаттуу тоют базасын өнүктүрүү, селекциялык-генетикалык иштерди күчөтүү жана бул багытта иштей турган адистерди даярдоо маселелери талкууланды.
Инвестициялык долбоорду ишке ашырууда ветеринардык жана санитардык талаптарды сактоо, тиешелүү инфраструктураны түзүү жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын эске алуу маанилүү экени белгиленди. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар долбоордун мүмкүнчүлүктөрүн мындан ары биргелешип карап, конкреттүү сунуштарды иштеп чыгуу жана кызматташтыкты улантуу боюнча даяр экенин билдиришти.
Маалымат булагы egov.kg
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: