Талас облусунун Талас районунда мөмө-жемиш өсүмдүктөрүн өстүрүүгө кызыккан дыйкандардын саны өсүүдө. Учурда райондо малина жана ежемалина 12 гектардан ашык аянтка эгилген.
Талас районунда жалпы 35 326 гектар айдоо жери бар. Акыркы жылдары жергиликтүү дыйкандар климаттык шартка ылайыкташкан малинанын ар түрдүү сортторун өстүрүүгө басым жасап келишет.
Райондун климаттык шарттары малина өстүрүүгө ыңгайлуу болгондуктан, түшүмдүүлүк да жогору. Мисалы, Көк-Кашат айылынын тургуну Чыңгыз Азбеков 1,5 гектар жерден жылына 13 тоннага жакын малина түшүмүн алат.
Фермер өндүргөн продукциясын Казакстан жана Россияга экспорттойт. Анын айтымында, малинаны өстүрүүдө органикалык жер семирткичтерди колдонууга артыкчылык берип, химиялык препараттарды мүмкүн болушунча аз пайдаланат.
Малинанын түшүмдүүлүгү жана рыноктогу суроо-талаптын жогору болушу райондогу дыйкандардын бул багытка болгон кызыгуусун арттырууда. Натыйжада Талас районунда малинанын айдоо аянты жылдан-жылга көбөйүп жатат.
Маалымат булагы egov.kg
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: