Өзбекстан Республикасынан Кыргыз Республикасынын аймагына жаныбарларды жана жаныбарлардан алынган азыктарды (2022-жылдын 14-сентябрында), АКШдан Кыргыз Республикасынын аймагына канаттууларды жана канаттуулардын азыктарын алып келүү (импорт) (2022-жылдын 2-сентябрында) карата буга чейин киргизилген убактылуу чектөөлөр алынып салынды.
Убактылуу чектөөлөр тѳмѳнкү мамлекеттер менен убактылуу киргизилди:
Караганды облусунан (Каз.Р) шарп ылаңына сезгич болгон жаныбарлар жана жаныбарлардан алынган азыктар. (2022-жылдын 11-январында);
Оренбург облусунан (РФ) шарп ылаңына сезгич жаныбарлар жана жаныбарлардан алынган азыктар. (2022-жылдын 11-январында);
Бурятия, Башкортастандан (РФ) нодулярный дерматитке сезгич жаныбарлар. (2022-жылдын 11-январында);
Индиядан (3 штат) нодулярный дерматитке сезгич жаныбарлар. (2022-жылдын 11-январында);
Монголиядан Кыргыз Республикасынын аймагына ири мүйүздүү мал, кой-эчки (2022-жылдын 2-сентябрында);
Афганистандан Кыргыз Республикасынын аймагына ири мүйүздүү мал жана нодулярный дерматитке сезгич баардык жаныбарлар үчүн; (2022-жылдын 5-сентябрында).
Source – https://agro.gov.kg
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: