Бүгүн, 2025-жылдын 19-декабрында, Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу Каныбек Досмамбетов иш сапары менен Ош мамлекеттик университетинин Медициналык борборуна барып, боор трансплантациясы боюнча жүргүзүлгөн операциянын жыйынтыгы жана бейтаптардын операциядан кийинки абалы менен таанышты.

Иш сапардын жүрүшүндө ведомствонун башчысы профилдик бөлүмдөрдү кыдырып, медициналык кызматкерлер менен баарлашты жана донор менен реципиенттин операциядан кийинки дарылоо процессинин жүрүшү тууралуу кеңири маалымат алды. Дарыгерлердин маалыматына ылайык, эки бейтап тең туруктуу медициналык көзөмөлдө болуп, абалдары туруктуу деп бааланууда.

Министрге 2025-жылдын 13-декабрында ОшМУнун Медициналык борборунда боор трансплантациясы ийгиликтүү жүргүзүлгөнү маалымдалган. Бул операция Кыргыз Республикасынын түштүгүндө алгач ирет аткарылган трансплантация болуп саналат.

Реципиент — сегиз жыл бою В, С жана D вирустук гепатиттери менен жабыркап, анын негизинде боор циррозу өнүккөн 50 жаштагы бейтап. Донор катары анын 25 жаштагы уулу чыккан. Операция алты сааттан ашык убакытка созулган.

Хирургиялык кийлигишүү Н. В. Склифосовский атындагы Тез жардам илимий-изилдөө институтунун боор трансплантациясы бөлүмүнүн башчысы, трансплантолог дарыгер, медицина илимдеринин доктору Мурад Наврузбековдун жетекчилиги алдында ОшМУнун Медициналык борборунун командасы менен биргеликте аткарылган.

ОшМУнун Медициналык борборунун жамааты менен болгон жолугушууда Каныбек Досмамбетов жогорку технологиялык медициналык жардамдын өлкө ичинде көрсөтүлүшү саламаттык сактоо системасын өнүктүрүү үчүн принципиалдуу мааниге ээ экенин белгиледи.

«Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаров органдарды трансплантациялоо тармагын өнүктүрүүгө өзгөчө артыкчылык берип, бул багыттагы иштерди күчөтүү боюнча тапшырма берген. Трансплантологияны өнүктүрүү жогорку технологиялык медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга, ошондой эле бейтаптардын жашоо сапатын жана узактыгын жакшыртууга багытталган стратегиялык чара катары каралууда. Биз үчүн жарандардын квалификациялуу, жогорку технологиялык медициналык жардамды чет өлкөгө чыкпастан, өз мекенинде алуусу өтө маанилүү», — деп белгиледи Каныбек Досмамбетов.

Ошондой эле саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу ОшМУнун Медициналык борбору бүгүн натыйжалуу башкаруу моделин көрсөтүп жатканын — заманбап жабдуулар, күчтүү команда жана каржылык процесстердин ачык-айкын уюштурулушу менен айырмаланарын баса белгиледи. Анын айтымында, бул жерде дарыгерлер жана медициналык персонал татыктуу эмгек акы алышат, ал эми каржылык агымдар көмүскөдөн чыгарылган. Мындай башкаруучулук чечимдер саламаттык сактоо системасындагы коррупциялык тобокелдиктерди минималдаштырууга мүмкүндүк берет.

«Медициналык кызматтар расмий тарифтер боюнча көрсөтүлгөндө, каражаттар мекеменин кассасына түшөт да, формалдуу эмес агымдарга кетпейт. Бул дарыгерлердин жана медициналык персоналдын эмгек акысын жогорулатууга кирешенин кеминде 50 пайызын багыттоого, ошондой эле каражаттын бир бөлүгүн медициналык уюмдун өзүн өнүктүрүүгө жумшоого шарт түзөт. Мындай ыкма коррупциялык көрүнүштөрдү олуттуу кыскартып, туруктуу мотивациялык системаны түзүүгө мүмкүндүк берет», — деди Каныбек Досмамбетов.

Мындан тышкары, саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаров тарабынан ушул жылы кол коюлган Жарлыкка ылайык, 2026-жылдын 1-январынан тарта өлкөдө саламаттык сактоо уюмдарынын бир бөлүгүнө автономия берүү боюнча пилоттук долбоор ишке кирерин маалымдады. Долбоордун алкагында болжол менен 20 саламаттык сактоо уюму кеңейтилген башкаруучулук жана каржылык өз алдынчалуулукка өтөт.

ОшМУнун Медициналык борборунда калыптанган башкаруу модели бул долбоорду ишке ашырууда колдонулушу мүмкүн. Эгер пилоттук долбоор өзүнүн натыйжалуулугун көрсөтсө, бул ыкма бүтүндөй республика боюнча жайылтылышы ыктымал.

Өз кезегинде ОшМУнун Медициналык борборунун жетекчилиги мекеме боор трансплантациясы жана жогорку технологиялык медициналык жардамдын башка түрлөрүн өнүктүрүүнү улантарын, мында клиникалык протоколдорду, биокоопсуздук талаптарын жана Кыргыз Республикасынын нормативдик-укуктук актыларын так сактай турганын белгиледи.

Источник – Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.