Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исмаилова Ысык-Көл облусундагы иш сапарынын алкагында Кызыл-Омпол уран кенине байланышкан кырдаал менен жеринде таанышты. Бул тууралуу ЖК басма сөз кызматы билдирди.
Чалгындоо иштери убактылуу токтотулганы менен кирип-чыккан ири жүк ташуучу унаалардын бар экенине депутат күюө болду.
“Бул уран кенинин айланасында жаралып жаткан кырдаал күндөн-күнгө курчуп барат. Андыктан, иш тыкыр иликтенип, Кыргызстандын экологиясына жана экономикасына зыян келбегидей чечим кабыл алынышы керек”, – деди депутат.
Жергиликтүү тургундар уран кени казылса Ысык-Көл чөлкөмүнүн эле эмес, өлкөнүн көпчүлүк аймагынын экологиясын жабыркатып, жарандардын саламаттыгына доо кетирерин белгилешти.
Андан тышкары, азыртан эле кан басымы көтөрүлүп жатат деген жүйө менен уран кенине жакын аймактагы айылдардын көпчүлүк тургундары ооруканага кайрылып жатканын кошумчалашты. Муну менен катар жергиликтүү тургундар жылда өрүк, алма жана башка жер-жемиштерди сатып алуу үчүн алдын ала акча төлөп кеткен ишкерлер быйыл кечигип жатканын билдиришип, мунун себеби да уран кенинин айланасындагы коопсуздукка байланыштуу экенине шектенип жатышканын айтышты.
Депутат бардык айтылган көйгөйлөрдү Жогорку Кеңештин жыйынында көтөрөрүн убада кылды.
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: