Жакындап келген кышкы мезгил Бишкекти курчаган кара түтүндү көрсөттү. Маселени талкуулоого “Пикир” регионалдык эксперттердин клубу көзкарандыз эксперттер менен мамлекеттик кызматкерлерди “Бишкектеги экологилык абалы” тегерек столуна чакырды.
Мамлекеттик кызматкерлердин кайымы
Бишкектеги негизи “түтүн коеберүүчү” ЖЭБи болуп саналат. Бирок шаардын экологиясына таасир берген негизги себеп деп санаган болбойт. Бул ойду ЖЭБун экология боюнча адиси Анжелика Жданова айтты.
«Жаңы кытай блокторунда абаны тазалаган фильтрел орнотулган. Бул электрофильтрлердин тазалоосу 99,9% түзөт», – деди Жданова.
Бишкек шаарынын муниципалдык санитардык инспекциясы кара түтүндү төрт даражага бөлдү.
“Бишкектеги кара түтүн төрт даражага бөлүнөт: үстүңкү биринчи, экинчи даража ЖЭБтин ишмердигине байланыштырсак болот, үчүнчүсү – унаалардын түтүнү, төртүнчүсү – үй тиричилик таштандыларды өрттөгөндөн пайда болгон”, – деп Санинспекциянын жетекчиси Керимбай Чойбеков айтты.
Анын айтымында, инспекция таштаныдрады өрттөгөн жарандарды жоопко тартат. Бирок бул чаралар абалды оңдогонго жардам бербейт.
2018-жылдын 11 айында Санинспекциянын кызматкерлери 5 миң объектти текшерип, 1,5 миң протокол тузүлгөн. Жалпысы менен 3 миллион сомго айып салынган.
Керимбай Чойбеков Бишкектин кирип-чыгууларында экопост куруу абалды оңдоо боюнча чаралардын бири деп ойлойт.
«Эгерде шаардык жана Жогорку кеңештер бул демилгени колдошсо, келечекте шаарда экопосттор пайда болот», – деп Чойбеков үмүттөндү.
Экологиялык абалга “Бишкектеплоэнерго” ишканасынын тиешеси жоктугун жетекчиси Баимбет Байгараев да белгиледи. Азырынча ишканада 66 жылытуучу жайлар бар, анын ичинен 22 көмүр менен жагылат. Калгандары газ жана электроэнергия менен иштейт.
«Биз көмүр менен иштеген казандарды азайтып, чыгымдарды 15 миң тоннадан 6 миңге чейин азайттык”, – деди Баимбет Байгараев.
Экологиялык маселени чечүү багытында долбоор боюнча Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттиги өз ишин алып барат. 2022 жылга чейин агенттиктин иш-планы жазылган. Бирок 30 пункттун ичинен бирөө гана аткарылган – электроунаалардын бажы төлөмдөрү жоюлган.
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: