Суук келери менен баш калааны каптаган кара түтүн бетин ачты. Бул маселе көп жылдан бери мамлекеттик кызматтардын кыймылсыз ишмердиги. Бирок экологиялык маселени бүткүл мамлекет боюнча чечүүгө зарыл. Өкмөт тарабынан айлана чөйрөнү коргоого ири каражат өлөт.
2017-жылы бюджеттен 921 млн сом каралган. Анын ичинен абаны булгануудан коргоого 53 млн сом сарпталган, ал каражаттын 53% – кызматерлердин маянасы. Астыбыздагы жылдын 10 айында 48 млн сом жумшалган. Бул маселени өзүнүн Твиттердеги баракчасында ЖК депутаты Дастан Бекешев көтөрдү.
“2019-жылы курчап турган чөйрөнү коргоого 77,4 млн сом бөлүнөт. Бирок каражаттар курчап турган чөйрөнү коргоо Мамагенттигинин кызматкерлеринин айлыктарына коротулат”, – деди депутат.
Кыргызстандагы экологиялык абалды ири ишканалар оңдоого мүмкүн бар. Бул жерде өкмөт менен канадалык “Центеррой Голд Инк” компаниясынын ортосундагы келешимди айтсак болот. 2017-жылдын келишими боюнча ишкана экологиялык төлөмдөрдү көбөйтөт. Эгерде өкмөт бүт шарттарды аткарса, инвестор келишимдеги каражатты төлөп баштайт.
Азыр өкмөт жаңы келишимди карап жатат. Бирок Дастан Бекешев келишимдеги экологиялык төлөмдөрдү жогорулатса да маселени чечүүгө жардам бербейт деп санайт. Кумтөрдүн каражаты Ысык-Көлдөгү сууну тазалоого жумшалат.
“Экологиялык маселени чечүүгө ар кандай варианттарды караштырсак болот. Мисалы, Бишкекте эски көмүр жагуучу жайлар менен иштеп, көмүр жаккан жарандарга жардам бериш керек. Алар үчүн электроэнергиянын тарифин тууралаган зарыл”, – деди депутат.
Анын айтымында, келечекте өкмөт эски унаалар үчүн салыкты көтөрүү маселесин караганга учур келет. Экологиялык маселени комплекстүү чечүү үчүн өкмөт катуу чараларды көрүүгө муктаж.
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: