31-октябрда жана 1-2-ноябрда туруксуз аба ырайы күтүлөт: Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында 31-октябрда жаан жаап, 1-2 ноябрда жаан карга айланышы, тоо этектеринде жана тоолуу  райондордо кар жаашы күтүлөт, тоо этектеринде жана тоолуу  райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирет.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрден, Ысык-Көл жана Нарын облустарында 17-22 метрге жетиши күтүлөт. Зымдарга жана бактарга суу кар жабышышы күтүлөт. Тоолуу райондордо жана тоо этектеринде жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт.

1-2-ноябрларда Чүй, Талас, Нарын, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан карга айланышы, тоо этектеринде жана тоолуу  райондордо кар жаашы күтүлөт, Чүй, Талас облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу  райондордо жана Ысык-Көл ойдонунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрден, Ысык-Көл жана Нарын облустарында 17-22 метрге жетиши күтүлөт. Зымдарга жана бактарга суу кар жабышышы күтүлөт.Зымдарга жана бактарга суу кар жабышышы күтүлөт.Тоолуу райондордо жана тоо этектеринде жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт.

1-3-ноябрларда абанын температурасы кескин төмөндөп: Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн -3…-8° суук, күндүз -3° суук…+2° жылуу тегерегинде, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 0…-5° суук, күндүз 3…8° жылуу, Ысык-Көл ойдунунда түнкүсүн -5…-10°,  күндүз 0…-5° суук, Ысык-Көл ойдунун чыгышында жана Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -10…-15°, күндүз -1…-6° суук, тоолуу райондордо түнкүсүн -12…-17°, күндүз -2…-7° суук, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -25…-30°, күндүз -5…-10° суук болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайлоолордо малды кармоону кыйындатат.  Катуу жаан  жааган убакта автожолдордо көрүү аралыгы төмөндөп, автоунаалардын кыймылдоосун кыйындатат. Электр зымдарга суу кар жабышышып үзүлүү коркунучун алып келет. Андыктан, тоолу унаа жолдор менен алыскы сапарга чыгаар астында, унааларыңызд дөңгөлөктөрүн кышкы дөңгөлөккө алмаштырууну, чынжырча, күрөкчө болуусу зарыл. Өзгөчө кырдаал катталаган учурда 112 кызматына билдириңиз, чалуу акысыз.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.