20-23 мартта Кыргызстанда туруксуз аба ырайы күтүлөт. Көбүнчө жерде жаан, тоолу аймактарда каар жайт. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 20-21-мартта жана 23-мартта Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан каттуу жаап, абанын температурасы бир аз төмөндөйт.

22-мартта жаан-чачын күтүлбөйт. 23-мартта Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, тоолуу аймактарга кар түшөт.

Тоолуу райондордо жолдор тоңуп тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.